Вакансиялар Чүй облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ТОКОЙ ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы
Бөлүм: Жаратылышты пайдалануу жана мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмү ж.б.
Кызмат орду: адис баардыгы 5 бош кызмат орду
Талаптар:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ТОКОЙ ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН

Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамына ылайык төмөнкү административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө боюнча

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

Административдик мамлекеттик кызматтарга жалпы квалификациялык талаптар:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу” конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Cаясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу”, “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндө Жобо”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23-июль 2012-жылдагы №517 токтому бекиткен “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүүсү;

- кызматтык милдеттерин аткарууда керектүү көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

- компьютерде иштей билүүсү(жеке компьютерди тажрыйбалуу пайдалануусу, Microsoft Office, И Windows 2000, XP,2007, Интернет).

 

  • Жаратылышты пайдалануу жана мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмүнүн адиси – 2 (эки) бош орун;

Квалификациялык талаптар:

- жогорку билими (экология, жаратылыш пайдалануу, геология, тоо инженериясы, агрономия, курулуш, биология  боюнча);

-   иш стажына көрсөтпөстөн;

- Кыргыз Республикасынын “Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө”, “Өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Өсүмдүк дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Биосфералык аймактар жөнүндө”, “Суу жөнүндө”, “Жер жөнүндө”, “Атмосфера абасын коргоо жөнүндө” жана мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдарын билүүсү;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

-  компьютерде иштей билүүсү (жеке компьютерди тажрыйбалуу пайдалануусу, Windows 2000, XP,2007, Microsoft Office, Интернет).

 

  • Экологиялык мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси – 1 бош орун;

Квалификациялык талаптар:

- жогорку билими (табиятилимдери, экология, жаратылыш пайдалануу, геохимия, биохимия, биология  боюнча);

-   иш стажы 3(үч) жылдан кем эмес;

- Кыргыз Республикасынын “Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Калктын ражиациялык коопсуздугу жөнүндө”, “Суу жөнүндө”, “Жер жөнүндө”, “Атмосфера абасын коргоо жөнүндө” жана мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдарын билүүсү;

- ИСО/МЭК 17025 эл аралык стандартын, эмгекти коргоо, коопсуздук техникасын. Өндүрүштүк санитарияны жана орт коопсуздугуна каршы коргоону билүүсү;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

-  компьютерде иштей билүүсү (жеке компьютерди тажрыйбалуу пайдалануусу, Windows 2000, XP,2007, Microsoft Office, Интернет).

 

  • Экологиялык мониторинг бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – 1 бош орун;

Квалификациялык талаптар:

- жогорку билими (табиятилимдери, экология, жаратылыш пайдалануу, геохимия, биохимия, биология  боюнча);

-   иш стажына көрсөтпөстөн;

- Кыргыз Республикасынын “Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Калктын ражиациялык коопсуздугу жөнүндө”, “Суу жөнүндө”, “Жер жөнүндө”, “Атмосфера абасын коргоо жөнүндө” жана мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдарын билүүсү;

- ИСО/МЭК 17025 эл аралык стандартын, эмгекти коргоо, коопсуздук техникасын. Өндүрүштүк санитарияны жана орт коопсуздугуна каршы коргоону билүүсү;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

-  компьютерде иштей билүүсү (жеке компьютерди тажрыйбалуу пайдалануусу, Windows 2000, XP,2007, Microsoft Office, Интернет).

 

  • Токой экосистемалар, өзгөчө коргоолучу аймактар жана анчылык ресурстары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – 1 бош орун;

Квалификациялык талаптар:

- жогорку билими (экология, жаратылыш пайдалануу, токой жана аңчылык чарбасы. Агрономия, биология боюнча);

-   иш стажына көрсөтпөстөн;

- Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Өсүмдүк дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө”, “Биосфералык аймактар жөнүндө”, жана мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдарын билүүсү;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

-  компьютерде иштей билүүсү (жеке компьютерди тажрыйбалуу пайдалануусу, Windows 2000, XP,2007, Microsoft Office, Интернет).

 

Конкурска  катышууга  керектүү  документтер:

-  өз колу менен жазылган арыз;

- паспортун же ким экендигин тастыктаган башка документин (паспортунун же ким экендигин тастыктаган документтеринин түп нускасын конкурска келгенде өзү көрсөтөт) көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик  билими,  эмгек  стажы  жана   квалификациясы жөнүндө документтерин (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- мурунку иштеген жеринен сунуш каттарын (мамлекеттик органдын талабы боюнча).

- кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы;

- сүрөт (4х5) – 2 сүрөт;

- өмүр баян (соттолгон де соттолбогондугун көрсөтүү менен);

- толук маалымат www.mkk.gov.kg сайтында жайгаштырылган.

 

Документтер жарыя чыккандан кийин 10 (он) иш күнү өткөнгө чейин саат 18.00гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 42  тел. 54-41-05.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-12-13 00:00:00
Дата аягы: 2017-12-26 00:00:00