Вакансиялар Баткен облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Баткен шаар мэриясы
Бөлүм: Уюштуруу иштери жана кадрлар болуму
Кызмат орду: Башкы адис
Талаптар:

Баткен шаар мэриясынын башкы юрист адис кызмат ордуна конкурс жарыялайт.

 

 

Башкы адис – юрист

  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция чөйрөсүндөгү).

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стаж же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  билүүсү зарыл: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”,  “Тынч чогулуштар жөнүндө”;

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик же расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөр:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Ыктуулугу:

- тиешелүү тармактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- мамлекеттик жанаже расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

  

     Талап  кылынуучу  документтер:

  1. Өздүк арыз
  2. Өздүк баракчасы - 1 даана
  3. 4х6 өлчөмүндөгү сүрөт – 2 даана
  4. эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)
  5. паспорттун көчүрмөсү
  6. резюме
  7. дипломдун көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)
  8. өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)

      

 

Талапкерлер тиешелүү документтердиБаткен шаарынын мэриясына жарыя чыккан күнүнөн  баштап 10 жумушчу күндүн  ичинде тапшырууңуздар зарыл.

 

Дареги: Баткен шаары, И.Жунусов кочосу №46

 

 Байланыш телефону:  5-20-06

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-10-08 00:00:00
Дата аягы: 2017-10-22 00:00:00