Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кара-Суу мэриясы
Бөлүм:
Кызмат орду: Адис - уюштуруу иштери боюнча
Талаптар:

Адис -  уюштуруу иштери боюнча

 

  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку же болбосо орто кесиптик билим  (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция,  менеджмент, экономика, финансы, гуманитардык илимдер, техникалык илимдер чөйрөсүндөгү).

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

-иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,”Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүүсү;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жергилүктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” , “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”);

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөрү:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

- командада иштөө.

Билгичтиги:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу учун төмөндөгү документтер керектелет:

  1. жеке арызы  
  2. резюме
  3. өмур баян
  4. кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы
  5. фото сүрөт  2 даана
  6. паспортунун же инсандыгын күбөлөндүрүчү башка документинин көчүрмөсү
  7. зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
  8. Диплому (нотариустан тастыктоо менен)

            Жарыя  газетага чыккан  күндөн тартып сынакка катышуучулар  10 жумушчу кундун ичинде кабыл алынат  керектүү документтерди Кара-Суу мэриясынын имаратына  тапшырышат.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-01-09 16:26:21
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00