Вакансиялар Талас облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Манас райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Социалдык маселелер боюнча сектору
Кызмат орду: башкы адис
Талаптар:

Манас райондук мамлекеттик администрациясы

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат» жөнүндө»  мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик

бош кызмат орундарын ээлөө үчүн  конкурс жарыялайт

 

  1. Социалдык маселелер боюнча секторунун башкы адиси (С-Б)- 1 штаттык бирдик

Функционалдык милдеттери:

- райондук мамлекеттик администрациясында өткөрүлүүчү жыйындарга, коллегиялык кеңешмелерге аныктамаларды, токтомдорду даярдайт, алынган токтом, буйрук көрсөтмөлөрдүн аткарылышын камсыз кылат.

- социалдык маселелер боюнча райондук мамлекеттик администрация башчысынын токтомунун жана буйруктарынын долбоорун даярдоо менен алардын райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан аткарылышын көзөмөлдөйт;

-  социалдык тармакта иштеген мекеме-уюмдарга, спорт, жаштарга, саламаттык сактоого тийиштүү мекеме уюмдардын иш алып баруусуна куратордук кылат;

- райондук мекеме-уюмдардан,   өз алдынча башкаруу органдарынан тийиштүү маалыматтарды алуу жана аларга сектордун компетенциясына кирген суроолорду аткаруу боюнча милдеттенме тапшырат;

-  райондук мамлекеттик администрацияга түшкөн секторго тийиштүү арыздарды жеринде чечүү максатында жарандарды кабыл алуу жүргүзөт;

 

 Квалификациялык талаптары:

- Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;

- 21 жаштан жаш болбоого;

- КР ченемдик – укуктук  актыларын билүүсү зарыл;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

- Компьютерде иштөө  тажрыйбасы  (Word,ЕхсеL,Интернет).   

 

 Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү,   гуманитардык илимдер багытындагы жогорку кесиптик билим

 Стажы жана иш тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Социалдык маселелер боюнча секторунун жетектөөчү адиси (М-А) - 1 штаттык бирдик

 

Функционалдык милдеттери:

- райондук мамлекеттик администрациясында өткөрүлүүчү жыйындарга, коллегиялык кеңешмелерге аныктамаларды, токтомдорду даярдайт, алынган токтом, буйрук көрсөтмөлөрдүн аткарылышын камсыз кылат.

- социалдык маселелер боюнча райондук мамлекеттик администрация башчысынын токтомунун жана буйруктарынын долбоорун даярдоо менен алардын райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан аткарылышын көзөмөлдөйт;

-  социалдык тармакта иштеген мекеме-уюмдарга, спорт, жаштарга, саламаттык сактоого тийиштүү мекеме уюмдардын иш алып баруусуна куратордук кылат;

- райондук мекеме-уюмдардан,   өз алдынча башкаруу органдарынан тийиштүү маалыматтарды алуу жана аларга сектордун компетенциясына кирген суроолорду аткаруу боюнча милдеттенме тапшырат;

-  райондук мамлекеттик администрацияга түшкөн секторго тийиштүү арыздарды жеринде чечүү максатында жарандарды кабыл алуу жүргүзөт;

 

 Квалификациялык талаптары:

- Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;

- 21 жаштан жаш болбоого;

- КР ченемдик – укуктук  актыларын билүүсү зарыл;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

- Компьютерде иштөө  тажрыйбасы  (Word,ЕхсеL,Интернет).

 

     Кесиптик билимдин деңгээли:

-Экономика жана башкаруу, Социалдык илимдер, Педагогикалык билим берүү, Саламаттыкты сактоо, Маданият жана искусство, Гуманитардык илимдер багытындагы жогорку кесиптик билим

     Стажы жана иш тажрыйбасы:

-Иш стажына талап коюлбайт;

 

  1. Айыл чарба, өнөр жай, экономика жана инвестиция тартуу секторунун адиси (М-Б) - 1 штаттык бирдик

 

Функционалдык милдеттери:

 - экономикалык өнүгүүнүн комплекстүү иш-чараларын изилдеп, тийиштүү сунуштарды кароого берет;

-  өз убагында салыктардын чогулушу менен бирге райондук бюджеттин аткарылышын, ошондой эле экономиканы стабилдештирүү максатында ички дүң продукциянын өндүрүшүн жогорулатуу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзөт;

-  орто жана чакан бизнести өнүктүрүүдөгү орчундуу маселелерди чечүү боюнча суроо-талаптарды карап чыгуу менен тийиштүү сунуштарды даярдайт;

- райондук мамлекеттик администрациянын башчысы, орун басарлары  ошондой эле аппарат жетекчисинин, сектор башчысынын тапшырмаларын аткарууда жана башка тиешелүү маселелерди чечет;

Квалификациялык талаптары:

- Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;

- 21 жаштан жаш болбоого;

- КР ченемдик – укуктук  актыларын билүүсү зарыл;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

- Компьютерде иштөө  тажрыйбасы  (Word,ЕхсеL,Интернет).

Кесиптик билимдин деңгээли:

-Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,  юриспруденция, социалдык–экономикалык жана гуманитардык илимдер, транспорттук техника жана технология, айыл чарбасы жана техникалык багыттар боюнча  жогорку кесиптик билими;

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-Иш стажына  талап коюлбайт.

 

Сынакка  катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек;

- бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;

- кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 - 2 даана);

- өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- резюме;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

      Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.

 

           Документтер жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу  күндүн ичинде саат 9-00 дон 17-00 чейин «Конкурска» делген белги менен көктөмөгө салынып, төмөнкү дарекке жиберилет жана кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар; Манас району, Покровка айылы, М.Кояшев көч. №27, 3-кабат, раймамадминистрациянын аппарат жетекчисинин иш бөлмөсүнө Тел. 03459 2 28 41. 

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-12-27 00:00:00
Дата аягы: 2018-01-11 00:00:00