Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жумгал районунун Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Жооптуу катчы
Талаптар:

Жумгал районунун Байзак  айыл аймагынын айыл өкмөтү

 

      Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык төмөндөгү ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт:

  • жоопту катчы

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

Жоопту катчы бош кызмат орунга:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик, муниципалдык башкаруу, юридикалык, социалдык-гуманитардык, экономикалык, айыл-чарба, техникалык);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, КР Эмгек  кодексин, КР Жер  кодексин,  КР Администрациялык  жоопкерчилик жѳнүндѳ кодексин, КР “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамын, КР “Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамын, КР “Нотариат жөнүндө” Мыйзамын, КР “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген КР мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосун, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген КР мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобону, КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 КР мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин балоо жана эмгек акы төлөөнүн шартары жөнүндө токтомун. 

адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди

Билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

Көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрлардын каттоо баракчасы;

- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

- эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Байзак айыл өкмөтү Байзак айылы дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет

        Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 0353660049

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-12-26 00:00:00
Дата аягы: 2018-01-12 00:00:00