Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Бостери айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Киреше боюнча жетектөөчү адис жана жерге жайгаштыруу жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адис
Талаптар:

Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтү

 

 Бостери айылы                                                                                    Мамытов көчөсү №79

          Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнундө” мыйзамына ылайык киреше боюнча жетектөөчү адис жана жерге жайгаштыруу жана айыл чарба   маселелери  боюнча жетектөөчү адис ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

Киреше боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

  • тийиштүү багыттагы жогорку же орто кесиптик билим (экономикалык, финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, салык жана салык салуу, техникалык багыттары боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

  • иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамын билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

  • билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

жерге жайгаштыруу жана айыл чарба   маселелери  боюнча жетектөөчү

 адис кызмат ордуна коюлуучу  квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

  • тийиштүү багыттагы жогорку же орто кесиптик билим (жерге жайгаштыруу жана кадастр багыттары боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

  • иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Турак жай кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун котору (трансформациялоо)  жөнүндө” “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилген “жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобо”, “Жер участокторун которуу  (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобо” Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо” билүүсү зарыл.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

  • билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери:

     Киреше боюнча жетектөөчү адис:

  • кеңештин чечими менен киргизилген аймакта колдонулуучу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү боюнча иштерди жүргүзүүгө;
  • айыл өкмөтүнүн бюджетине төлөмдөрдүн өз учурунда түшүүсүн контролдоого, салык төлөөчүлөрдү жана финансылык тартиптерди сактоолору боюнча регулярдуу, анын ичинде утурлама текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
  • кварталдар боюнча бөлүү менен бюджетке төлөмдөрдүн планын түзүүгө, аны аткаруу үчүн чарбакер субъекттерге билдирүүнү жана анын аткарылышын камсыз кылууга;
  • белгиленген финансылык отчетторду өз учурунда түзүүнү жана берүүнү камсыз кылуу ж.б.

 

Жерге жайгаштыруу жана айыл чарба   маселелери  боюнча жетектөөчү адис

- Анын ишине тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды бирүүгө;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү кеңештин айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүштүрүүгө жана пайдаланууга тийиштүү чечимдерин аткарууну уюштурууга;

-аталган жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун изилдөөгө жана айыл өкмөт башчысы үчүн маалыматтарды даярдоого;

-айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

-жер участокторун алып коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдарды сот органдарына өткөрүү үчүн даярдоого ж.б.

 -Адис муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө бөлүгүндө төмөнкүлөргө милдеттүү:

-турак жай-коммуналдык чарбаны иштеши жана аны өнүктүрүү жана аймактарды ыңгайлаштыруу маселелери боюнча маалыматтарды чогултуу жана жалпылоого;

-муниципалдык менчикти пайдаланууга жана тескөөгө байланыштуу маселелер боюнча жергиликтүү кеңештин жана айыл өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун даярдоого жана алардын аткарылышын контролдоого;

-жергиликтүү коомдоштуктун муниципалдык менчигиндеги жолдордун, имараттардын, курулмалардын абалдарын жана пайдаланылышын иликтөөгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына сунуштарды даярдоого ж.б.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат.

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз:
  • кадрларды каттоо баракчасы
  • 3,4 өлчөмдөгү 4 даана сүрөт.
  • паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)
  • билимин тастыктаган дипломун көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустук же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүш керек):
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүш керек):

Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Бостери айыл өкмөтү Бостери айылы А.Мамытов көчөсү №79а дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс  өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар (0-3943) 6-12-03.

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-12-30 00:00:00
Дата аягы: 2018-01-17 00:00:00