Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад шаардык кеӊешинин аппараты
Бөлүм:
Кызмат орду: Адис
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдары.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

ФУНКЦИОНАЛДЫК  МИЛДЕТТЕРИ:

-шаардык  кеңештин өнөр-жай,  ишмердүүлүк,  айыл  чарба  жана  соода  боюнча  туруктуу  комиссиясына  көмөктөшөт  ошондой  эле комиссия  тарабынан  кабыл  алынган  сунуштардын  аткарылышынын  көзөмөлгө  алынуусуна  жардам  берет;

-кеңешмелерди,  семинарларды,  шаардык  кеңештин  сессияларын  жана  башка  ушул  сыяктуу  иш  чараларды уюштурууда  уюштуруу  техникалык  даярдыктарды  аткарат;

-шаардык  кеңештин  депутаттары  шайлоочуларынын  алдында  маалымат  берүүсү үчүн  көмөктөшөт  жана  сын-пикирлерди,  эскертүүлөрдү  чогултат,  тийиштүү  кызматкерлерге  аларды  аткаруу  үчүн жөнөтөт  жана  өз  убагында  аткарылышын  көзөмөлгө  алат;

-жарандардын  арыздарын,  даттанууларын  жана  кайрылууларын  карайт;

-массалык  маалымат  каражаттары  менен мамле  болот,  керектүү  учурда  шаардык  кеңештин  сессиясына  материалдарды  даярдайт.

ТАЛАП  КЫЛЫНУУЧУ  ИШ  КАГАЗДАРЫ:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт (4х6 өлчөмүндө 2  даана);

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, билими жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- ден соолугу  тууралуу  тактама (№086);

-квалификациясын  жогорлатуу  боюнча  иш  кагаздары (сертификат),  баа  пикирлер  жана  сунуштамалар  колдоого  алынат.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккандан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде  кабыл алынат.

Документтер  жуманын  ишемби  жана  жекшемби  күндөрүнөн  сырткары  ар  күнү  шаардык  кеңештин  аппаратында  кабыл  алынат. 

Дареги: Жалал-Абад  шаары,  Ж.Бакиев  көчөсү  38, 2-кабат 27-кабинет.

Сурап  билүү телефондору (03722) 2-70-09.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-02-12 08:30:00
Дата аягы: 2018-02-26 17:30:00