Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак районунун Багыш айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: адис – ФЭБ нүн эсепчиси (ж.б.)
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономикалык жогорку билим же орто кесиптик билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамы.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 

Айылдык өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн  адисинин

функционалдык милдеттери:

 

  • айыл өкмөтүнүн сатып алуулар порталы боюнча толук иш жүргүзөт;
  • сатып алуулар порталына түшкөн арыздарды катоо жана киргизүү;
  • Келишимдерди катоо;
  • бюджетти кассалык аткарууну жүргүзүү боюнча казначылыктын региондук бөлүмдөрү менен күндөлүк иштерди жүргүзүүгө;
  • РОКтон поручениелерди толтуруу;
  • бөлүмдүн жетекчисинин башка тапшырмаларын аткарууга;

 

  1. XV. Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адис:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому.

 

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 

Функционалдык милдети:

  • айыл өкмөтүнүн календарлык иш планынына ылайык жана айыл өкмөтүнүн башчысы бекиткенден кийин анын тийиштүү бөлүгүн аткарууга;
  • айыл өкмөтүнүн жарандардын даттануулары жана кайрылуулары  менен иштөөну кошкондо айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын, ошондой эле келгендерди кабыл алуу журналын жүргүзүүнү контролдоого;
  • жогорку органдардан келген каттар боюнча жооптуу кызматкерлердин журнал учетун өз мөөнөтүндө жүргүзүүгө;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген мөөнөттө архивге документтерди даярдоого;
  • жергиликтүү коомдоштуктардын уставына ылайык жана айыл өкмөтүнүн башчысынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди ишке ашырууга.
  • “Айыл” программасы негизинде чарба китебинин маалымат базасын киргизет, толуктайт жана жөнгө салат.

айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин кадрдык документацияларын жүргүзүүгө жана сактоого

 

  Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу иш кагаздар: жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3х4 өлчөмүндө 2 даана сүрөт, паспорттун көчүрмөсү, билими тууралуу документтин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн), өмүр баян.

 

 

Документтерди кабыл алуу кулактындыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт: Сузак району, Октябрь айылы, Багыш айыл өкмөтүнүн 2-кабаты, №3-кабинети, тел.: (03722) 3-22-72.

Толук маалымат менен www.mkk.gov.kg сайтынан таанышсаныздар болот.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00