Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Башкы адис –Айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча.
Талаптар:

 

Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтү муниципалдык административдик кызмат орундарына  конкурс жарыялайт.

 

 

Башкы адис –Айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча         

                               

             

  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, финансы, зоотехник, ветеринардык, айыл чарба жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү).

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, ”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, ”Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүүсү;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жайыттар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо);

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

 

Көндүмдөрү:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 

Билгичтиги:

- тиешелүү тармактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Талап кылынуучу документтер:

  1. Арыз;
  2. Өздүк баракчасы;
  3. 4-6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
  4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталган);
  5. Паспорттун көчүрмөсү;
  6. Резюме;
  7. Дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталган);
  8. Өмүр баян (соттолгондугун же соттолбогондугун кърсът\\ менен)

 

            Талапкерге тиешелүү документтерди Дөң-Булак айыл өкмөтүндө, жарыя гезитке чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн  ичинде тапшырууңуздар зарыл.

 

Адреси: Дөң-Булак айыл өкмөтү, Бахмал айылы И.Жусупов көч- 26

Телефон – 0777592931

 

           

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-02-22 23:24:30
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00