Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтү
Бөлүм: Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтү
Кызмат орду: Адис, айыл башчысы
Талаптар:

Түп районунун  Ысык-Көл айыл өкмөтү

 

 

Ысык-Көл  айылы                                                                     Ленин көчөсү №50

 

           Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-февралындагы №44-чү Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын муниципалдык административдик кызмат ордун ээлөө боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык төмөнкү  бош ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына сынак жарыялайт:

- жер-турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча адис;

- айыл башчы;

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

- жашы 18 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын билиши;

- компьютерде иштей билиши;

- кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билиши;

Кесиптик билимдин денгээли боюнча:

Айыл башчы кызмат ордуна:

- муниципалдык кызмат орунарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай орто кесиптик же  орто билими;

Жер-турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча адис кызмат ордуна:

- муниципалдык кызмат орунарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай орто кесиптик же  орто билими;

Иш стажысы жана тажрыйбасы:

- иш стажысы талап кылынбайт;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды каттоо баракчасы;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);  

- эгерде эмгек китепчеси болсо (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);    

       Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде  Ысык-Көл айыл өкмөтү Ысык-Көл айылы Ленин көчөсү №50 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет. 

        Кошумча маалыматтарды алуу үчүн жана жогорудагы кызмат орундарынын функционалдык милдеттери менен таанышуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (0-3945) 6-00-15.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-02-25 00:00:00
Дата аягы: 2016-03-07 00:00:00