Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Адис-кассир кызмат оруну (1 шт. бирдик)
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономикалык жогорку билим же орто кесиптик билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамы.

 

Функционалдык милдеттери:

- Накталай акчаларды жана так отчеттуулуктагы бланктарды, баалуу муниципалдык кагаздарды кабыл алуу, берүү, сактоо жана алардын сакталуучулугун камсыз кылуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө

 

  Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу иш кагаздар: жеке арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, 3х4 өлчөмүндө 2 даана сүрөт, паспорттун көчүрмөсү, билими тууралуу документтин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн), соттолбогондугу жөнүндө маалымдама, өмүр баян.

 

 

Документтерди кабыл алуу кулактындыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт: Сузак району, Таран-Базар айылы, Курманбек айыл өкмөтүнүн имаратынын №8-кабинети, тел.:0778 663-080.

Толук маалымат менен www.mkk.gov.kg сайтынан таанышсаныздар болот.

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00