Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Жооптуу катчы (ж.б.)
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз               Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө токтому, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби»жөнүндөгү мыйзамы.

Функционалдык милдеттери:

          Айыл  аймагынын, айылдык  кеңештин  иштеринин   уюштуруучулугун  камсыз  кылуу   боюнча  координациялайт:   Айылдык    кеңештин   сессияларын   жана   айыл  өкмөтүнүн  жыйындарынын   жана   жергиликтүү  коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн  курултайын    уюштуруу  жана   өткөрүү  үчүн    зарыл   материалдарды   даярдоону   камсыз  кылат.

2.Айыл өкмөт башчысынын орун басары (1 шт. бирдик)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Энергетика жана электротехника, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика, айыл чарба, транспорттук техника жана технология, архитектура жана  курулуш багыты боюнча жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат

 стажы  же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат    жөнүндө мыйзамы,   Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Турак жай кодекси, Кыргыз Республикасынын «Электр энергиясы жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жарандык коргонуу жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамдарды, айыл чарба багытындагы КБФ жерлерине ижара же менчик укугун берүү боюнча токтомдорду, К.Р.Президентинин указдары, К.Р.Өкмөтүнүн токтомдору.

Функционалдык милдеттери:

Айыл  өкмөттүн  аппаратынын  жалпы   иш- аракетин  же  болбосо    бир  нече   тармактык   багыттар  боюнча   кординациялоону  (Муниципалдык  менчикти  пайдалануу)  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын   Президентинин   жарлыктарын  жана  Буйруктарын ,  Кыргыз  Республикасынын  Окмотунун   токтомдорун  жана    буйруктарын (башка  ченемдик)  Кыргыз  Республикасынын  улуттук  жана   мамлекеттик   программаларын,  башка  ченемдик  укуктук   актыларын   аткаруу  маселелери  боюнча  айыл  өкмөтүнүн    иш-  аракеттерин   кординациялоо.

3 Финансылык- экономикалык бөлүмүнүн башчысы (1 шт. бирдик).

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономикалык жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, «Кыргыз Республикасынын
 социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө»,  «Мүлккө  муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдары, К.Р. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы, “Бухгалтердик эсеп жөнундө” мыйзамы

Функционалдык милдеттери:

Финансы-экономикалык  бөлүмдүн   квалификациялуу    жана   тажрыйбалуу  адистер  менен   топтоо   үчүн   кадрларды   топтоого  жана  жайгаштырууга  катышууга;  жергиликтүү  бюджеттин   чыгымдары  боюнча   сметалык-финансылык  документтерди   түзүүнүн  тууралыгын  контролдоо;  бөлүмдүн  адистеринин  катышуусу   менен  айыл  өкмөтүнө  караштуу   структураларды   финансылык  чарбалык  иш-аракеттерин  текшерүүгө    милдеттүү.

ТАЛАП   КЫЛЫНУУЧУ    ДОКУМЕНТТЕР:

- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтер газетага жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүк мөөнөттө төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Базар-Коргон  району , Талдуу-Булак  айыл  аймагы  Каба  айылы , көчөсү  №16 Байланыш   телефону:  (03736) 6-00-06,  0 (771) 680  171,   0 (709) 543  352

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00