Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору (1 орун)
Талаптар:

                        

      Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтү  Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору (1 орун) кызмат  ордуна конкурс жарыялайт.

 

Аскердик - эсепке алуу столунун инспектору

  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку же  болбосо  орто  кесиптик  билим (бардык тармактар боюнча)

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

- стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  билүүсү зарыл: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”);

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана  же расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөр:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

- командада иштөө.

Ыктуулук:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.                          

        - мамлекеттик жана официалдуу тилди билүүс:

        - компьютердик негизги  программаларды иштей билүү.                                                                                               

 

      Талап  кылынуучу  документтер:

  1. Өздүк арыз
  2. Өздүк баракчасы - 1 даана
  3. 4х6 өлчөмүндөгү сүрөт – 2 даана
  4. эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)
  5. паспорттун көчүрмөсү
  6. резюме
  7. дипломдун көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)
  8. өмүр баян (соттолгондугун же соттолбогондугун кърсът\\ менен)

 

Талапкерлер тиешелүү документтерди Мырза-Аке айыл өкмөтүнө жарыя чыккан күнүнөн  баштап 10 жумушчу күндүн  ичинде тапшырууңуздар зарыл.

 

Дареги: Өзгөн району Мырза-Аке  айыл өкмөтү, Мырза-Аке айылы, М.Нурбаев ат. көчө №2

 

 Байланыш телефону:  ( 0770) 661917.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-03-01 18:53:03
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00