Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Түп районунун Түп айыл өкмөтү
Бөлүм: Түп айыл өкмөтү
Кызмат орду: Жетектөөчү адис, адис, айыл башчы.
Талаптар:

Түп районунун Түп  айыл өкмөтү

Түп  айылы                                                                                                          Боромбай  көчөсү №10

 

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-февралындагы №44-чү Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын муниципалдык административдик кызмат ордун ээлөө боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык төмөнкү  бош ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына сынак жарыялайт:

- социалдык маселелер боюнча жетекөөчү адис;

- кирешелер боюнча адис;

- айыл башчы;

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

- жашы 18 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын билиши;

- компьютерде иштей билиши;

- кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билиши;

Кесиптик билимдин денгээли боюнча:

Айыл башчы кызмат ордуна:

- муниципалдык кызмат орунарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай орто кесиптик же орто билим;

Жетектөөчү адис жана адис кызмат орундарга:

- муниципалдык кызмат орунарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай орто кесиптик же орто билими;

Иш стажысы жана тажрыйбасы:

- иш стажысы талап кылынбайт;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды каттоо баракчасы;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);  

- эгерде эмгек китепчеси болсо (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);     

       Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде  Түп айыл өкмөтү Түп  айылы Боромбай көчөсү №10 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет. 

        Кошумча маалыматтарды алуу үчүн жана жогорудагы кызмат орундарынын функционалдык милдеттери менен таанышуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (0-3945) 2-40-84.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-02-25 00:00:00
Дата аягы: 2016-03-07 00:00:00