Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Социалдык маселелер боюнча башкы адис
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо багыты боюнча жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө»,  «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө», «Маданият жөнүндө» мыйзамдары.

           - билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

     -функционалдык милдеттерди:

   Социалдык жактан коргоо боюнча башкы адис төмөнкүлөргө милдеттүү:

- анын ишине тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды билүүгө;

- социалдык жактан корголбогон, моралдык жактан туруксуз үй-бүлөлөрдү, ошондой эле "тобокелдик" тобундагы балдарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүгө;

- үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо программаларын ишке ашыруу боюнча иштерди уюштурууга;

- айыл аймагындагы уюмдардан, мекемелерден жана айыл чарба ишканаларынан зарыл маалыматтарды жана социалдык жактан коргоо, маданият, билим берүү, медициналык жана пенсиялык тейлөө боюнча маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды алууга;

- социалдык жактан тейлөө маселелери боюнча жарандарды кабыл алууга, алардын проблемаларын чечүүгө көмөк көрсөтүүгө;

- жүргүзүлгөн иштер жөнүндө жылдык жана аралыктык отчетторду, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортторун толтуруу жана жетиштүү камсыз болбогон үй-бүлөлөргө жана жарандарга көрсөтүлгөн ар кандай материалдык жардамдар боюнча отчетторду түзүүгө;

- үй-бүлөлөр менен балдарды, эмгекке жарамсыз жалгыз бой жарандарды жана дене түзүлүшү жагынан кемтик адамдарды колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына, райондук социалдык коргоо башкармалыгына маалымат берүүгө;

- мамлекеттик жеңилдиктерди жана балдар пособиелерин, майыптар жана Чернобыль АЭСинин кыйроосунун катышуучулары үчүн пособиелерди алууга материалдарды социалдык маселелер боюнча комиссиянын бекитүүсүнө даярдоого жана берүүгө;

- берилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүгө;

- кедейликтен чыгаруу максатында үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга;

- камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү дайындоо, ошондой эле камкорчулук көргөн жана бала асырап алган үй-бүлөлөрдүн мониторинги боюнча материалдарды даярдоого;

- жетиштүү камсыз болбогон көрсөтүлүүчү социалдык жардамдардын бардык түрлөрү (пособия, жеңилдиктер, материалдык, гуманитардык жана башка жардам) жөнүндө маалыматтарды маалыматтар банкына киргизүүгө;

- жергиликтүү жамааттын уставына ылайык жана айыл өкмөтүнүн башчысынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүргүзүүгө.

Башкы адис социалдык паспорттоштурууну ишке ашыруу, үй-бүлөнүн жана балдардын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча милдеттерди аткаруу, айыл аймактагы жакыр тургундарына даректүү социалдык жардам көрсөтүү максатында айыл  башчылары, калкты социалдык жактан коргоо, ишке орноштуруу кызматтары, саламаттык сактоо жана билим берүү органдары, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча комиссия, жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссия, участкалык инспектор, улуттук жана эл аралык волонтерлор, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдар менен кызматташууга тийиш.

                   

Талап кылынуучу документтер:

  1. Өздүк арыз;

      2. Өздүк баракча;

      3. 4х6 өлчөмдөгү (түстүү ) 2 даана сүрөт;

      4. Паспорттун  жер өздүгүн  көбөлөндүрүүчү документин  көчүрмөсү;

  1. Билими тууралу документтин (диплом ) жана эмгек китепчесинтн көчүрмөлору (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  2. Резюме;

      7. Өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

      8. Мүнөздөмө.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн  ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт

    Базар-Коргон району Кызыл-Үңкүр айыл аймагы.

тел:0373660021.

     Квалификациялык  талаптарга жооп берген талапкерлер күндү жана жайды кошумча билдиребиз.

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00