Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кочкор-Ата шаарынын мэриясы
Бөлүм:
Кызмат орду: Спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча адис
Талаптар:
  1. Кесиптик билимдин деӊгээли:

-жогорку  билим же кесиптик орто билим.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-иш стажына талап коюлбайт.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

      -төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндө», «Дене тарбия  жана спорт жөнүндө» мыйзамдары.

-билгичтиги:

жогору  турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

-көндүмдөрү:

ченемдик  укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Функционалдык милдеттери:

жаш жарандарды укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар маселер боюнча мамлекеттик жана башка программаларды иштеп чыгуу процессине жаштар уюмдарын   тартууга;

-өз компетенциясынын чектеринде бирдиктүү мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууну жана жүзөгө ашырууга;

-жаштар (жаштар уюмдары) менен иштөө, жаштар программаларын даярдоо, жүзөгө ашыруу жана ага мониторинг жүргүзүүгө;

-экстремизди жана диний фанатизмди кошуп алганда, жаштарды мыйзамга каршы иш-аракетке тартуунун алдын алууга жана бөгөт коюууга багытталган профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүгө;

-дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү, жергиликтүү деңгээлдеги жаштар программаларын жүзөгө ашырууга;

-КААБ,  коомдук уюмдар  менен биргеликте иш жүргүзүүгө;

-шаар мэри  жана бөлүм башчы тарабынан берилген тапшырмаларды аткарууга;

 СЫНАКА КАТЫШУУ ΥЧΥН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:

  1. Өздүк арыз, комиссиянын төрайымынын атына;
  2. Өздүк баракча;
  3. 4х6 өлчөмдөгү сүрөт эки даана;
  4. Резюме;
  5. Өздүгүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспорт);
  6. Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (бар болсо, нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  8. Сунуштама кат;
  9. Ден-соолугу тууралуу ф 0,86 медициналык тактама;
  10. Талапкердин өз колу менен жазылган өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)

Документтерди кабыл алуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн кийин 10 (он) жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт.

Кочкор-Ата шаары, Токтогул көчөсү-17.  Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын имараты.

Байланыш телефондор:  (03734) 5-33-63,  0771 41-44-46, adylbekova.d@mail.ru электрондук дарек боюнча.

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге конкурс өтүлүүчү күнү жана жайы боюнча билдирилет.

Толук маалымат менен www.mkk.gov.kg сайтынан тааныша аласызар.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-03-19 08:30:00
Дата аягы: 2018-04-02 17:30:00