Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Түп районунун Михайловка айыл Өктөмү
Бөлүм: Михайловка айыл өкмөтү
Кызмат орду: Жетектөөчү адис
Талаптар:

Түп районунун Михайловка айыл өкмөтү

           Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-февралындагы Муниципалдык административдик кызмат ордун ээлөө боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө  Жобосуна ылайык төмөндөгү бош ваканттык администрациялык муниципалдык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт:

- жооптуу катчы;

- кирешелер  боюнча жетектөөчү адиси;

- социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси;

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

-          жашы 18 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

-          Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын билиши:

-          компьютер де иштей билиши:

-          кыргыз  жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билиши.

Кесиптик билимдин деңгээли боюнча :

Жооптуу катчы кызмат ордуна:

     - муниципалдык кызмат орунарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай кесиптик жогорку билими;

Жетектөөчү адис кызмат орундарга:

     - муниципалдык кызмат орунарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай орто кесиптик билим же орто билим;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

Жооптуу катчы кызмат ордуна:

- мамлекеттик же муниципалдык кызматта үч жылдан кем эмес же жыйындысында үч жылдан кем эмес же адистиги боюнча беш жылдан кем эмес  иш стажысы;

Жетектөөчү адис кызмат орундарга:

- иш стажысына талап коюлбайт;

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат.

- сынактын комиссиянын төрайымынын атына жазылган жеке арыз:

- кадрларды каттоо баракчасы

- 3,4 өлчөмдөгү 4 даана сүрөт.

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналдык сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- жогорку билимин тастыктаган  дипломун көчүрмөсү ( көчүрмөсү нотариустук же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүш керек):

- соттолбогондугу тууралуу ИИМ нен маалым кат;

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүш керек):

Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 күн ичинде Түп районунун Михайловка  айыл өкмөтү Михайловка айылы Шевченко көчөсү  дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс  өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет.

   Кошумча маалыматтарды алуу үчүн жана жогорудагы кызмат орундарынын функционалдык милдеттери менен таанышуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (0-3945) 6-04-97.

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-02-25 00:00:00
Дата аягы: 2016-03-07 00:00:00