Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Көл районунун Ананьево айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Ысык-Көл районунун Ананьево айыл аймагынын айыл өкмөтү
Кызмат орду: Башчынын орун басары, жетектөөчү адис
Талаптар:

Ысык-Көл районунун Ананьево айыл аймагынын айыл өкмөтү

           Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-февралындагы Муниципалдык административдик кызмат ордун ээлөө боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө  Жобосуна ылайык төмөндөгү бош администрациялык муниципалдык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:

-          башчынын орун басары (Г-Б);

-          киреше жана финансы боюнча жетектөөчү адис;

-          жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис;

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

-          жашы 18 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

-          Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын билиши:

-          компьютер де иштей билиши:

-          кыргыз  жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билиши.

Кесиптик билимдин деңгээли боюнча :

Башчынын орун басары:

- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалаган профилдеги жогорку кесиптик билим;

Жетектөөчү адис кызмат орундарга:

     - муниципалдык кызмат орунарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай орто кесиптик же орто билим;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик же муниципалдык кызматта үч жылдан кем эмес же жыйындысында үч жылдан кем эмес же адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш стажысы;

- жетекчилик кызматта (мүмкүн болсо) үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

Жетектөөчү адис кызмат орундарга:

- иш стажысы талап кылынбайт;

Негизги функционалдык милдеттери:

Башчынын орун басары:

-   айыл өкмөт башчысы жок болгон учурда милдетин убактылуу аткарат;

-   айыл аймагына ивестиция тартуу боюнча иштерди жүргүзөт;

-   өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссияларды жетектейт;

Киреше жана финансы боюнча жетектөөчү адис:

-  айыл аймагында салыктарды чогултат жана тиешелүү органдардга отчетторду тапшырат;

Жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис:

-       айыл аймагында жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштерди жүргүзөт жана тийиштүү органдарган отчетторду тапшырат;

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат.

- сынактын комиссиянын төрасынын атына жазылган жеке арыз:

- кадрларды каттоо баракчасы;

- 3,4 өлчөмдөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналдык сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган  дипломун көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустук же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүш керек);

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүш керек):

- соттолбогондугу тууралуу ИИМден маалым кат;

       Документтер Массалык Маалымат Каражаттарын жарыяланган күндөн тартып 14 күнгө чейин  Ананьев айыл өкмөтү Ананьев айылы Ленин көчөсү №122 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет. 

        Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (0-3943) 48-8-48 жана 48-3-50.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-03-11 00:00:00
Дата аягы: 2016-03-25 00:00:00