Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ноокен районунун Достук айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Айыл өкмөт башчысынын орун басары, ж.б.
Талаптар:

- Энергетика жана электротехника, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика, айыл чарба, транспорттук техника жана технология, архитектура жана курулуш багыты боюнча жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик же/жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Турак жай кодекси, Кыргыз Республикасынын «Электр энергиясы жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жарандык коргоону жөнүндө» мыйзамдары.

            4) Функционалдык милдеттери:

      Айыл өкмөтүнүн аппаратынын жалпы иш-аракетин же болбосо бир же болбосо бир нече тармактык багыттар боюнча координациялоону (финансылык, экономикалык, социалдык, укуктук, жер, турак жай, билим берүү; муниципалдык менчикти пайдалануу);

аймакты комплекстүү өнүктүрүү максатында жергиликтүү коомдоштуктун аймагында жайгашкан чарбакер субъекттердин иш-аракеттерин координациялайт, жергиликтүү кеңештин сессияларын, айыл өкмөтүнүн заседаниелерин, жергиликтүү коомдоштуктардын курултайларын даярдоо боюнча иштерди уюштурат, өзгөчө кырдаалдар учурунда ресурстарды мобилизациялоо боюнча иш-аракеттерди

координациялайт, табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзөт, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы жок болгон учурда айыл өкмөтүнүн иш-аракетинин бардык маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү ыйгарым укуктары жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар бөлүгүндө анын милдетин аткарат

               Башкы адис –социалдык маселелер боюнча 1 (бирдик)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо багыты боюнча жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

   3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө»,  «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөө», «Маданият жөнүндө» мыйзамдары.

  4) Функционалдык милдеттери

Социалдык жактан корголбогон,моралдык жактан туруксуз үй бүлөлөрдү,тобокел тобундагы балдарды аныктоо боюнча иш жүргүзөт.Социалдык жактан коргоо,маданият,билим берүү,медициналык жана пенсиялык тейлөө боюнча маселелерди чечет.Үй бүлөлөр менен балдарды,эмгекке жарамсыз жалгыз бой жарандарды,дене түзүлүшү жагынан мүчүлүштүгү бар атуулдарды колдоо боюнча иш чараларды ишке ашырат.Социалдык паспорттоштурууну ишке ашырат,үй бүлөнүн жана балдардын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча милдеттерди аткарат.Айыл өкмөттүн жакыр тургундарына даректүү социалдык жактан коргоо,ишке орноштуруу кызматтары,саламаттыкты сактоо жана билим берүү органдары,камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча комиссия,жашы жете электердин иштери боюнча комиссия,участкалык инспектор улуттук жана эл аралык волонтерлер,өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдар менен кызматташат.

Адис –аскердик каттоо бөлүмүнүн инспектору (1 бирдик)

 1).Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же кесиптик орто билим.

 2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

 - иш стажына талап коюлбайт.

 3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

      - төмөнкүлөрдү билүү:

 Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамы.

4) Функционалдык милдеттери

Аскерге милдеттүүлөрдү аскердик каттоого алат жана каттоодон чыгарат.Аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы каттоосун жүргүзөт.Аскердик каттоодо турбаган аскерге милдеттүүлөрдү жана эсепке алуудан өтпөгөн аскерге чакырылууга чейинкилерди аныктайт.Аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылуучуларды аскер комиссариатынын талабы боюнча кабарлайт жана өз учурунда келүүсүн камсыздайт.Айыл аймагындагы бардык мекеме ишканалардагы аскерге милдеттүүлөрдүн эсебин тактайт,жылына бир жолудан кем эмес аскерге милдеттүүлөрдүн алгачкы каттоосун өткөрөт.

 Адис-салыктар боюнча 1 (бирдик)                  

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономикалык жогорку билим же кесиптик орто билим

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын  Салык кодекси, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамы 

4) Функционалдык милдеттери

Айыл өкмөтүнүн бюджетине төлөмдөрдүн өз учурунда түшүүсүн контролдойт.Белгиленген финансылык отчетторду өз учурунда түзүүнү жана берүүнү камсыз кылат.Мезгил-мезгили менен(ай сайын,квартал сайын)аймакта белгиленген төлөмдөрдүн бюджеттик түшүүсүнө талдоо жүргүзөт.Салык төлөөчүлөрдүн бюджеттик түшүүсүнө талдоо жүргүзөт.Салык төлөөчүлөрдүн өз мезгилинде төлөмдүк жана финансылык тартиптерди сактоосу боюнча түшүндүрүүлөрдү уюштурат

               Талап кылынуучу иш кагаздары:

         -сынактык  комиссиянын төрагасынын атына арыз;

         -кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;

         -паспорттун көчүрмөсү;

         -билими тууратуу документтин (диплом) көчүрмөсү, нотариалдык конторадан

          же иштеген  жеринен тастыкталып;

         -эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариалдык конторадан же иштеген

          жеринен тастыкталып);

         -4х6 өлчөмүндөгү 2 (даана) сүрөт;

         -өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндөгү маалыматы көрсөтүү менен)                 

    Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде   кабыл алынарын эскертебиз.

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү

 саат 8-30дан 17-30га чейин айыл өкмөтүнүн уюштуруу иштери дана кадрлар маселелери боюнча бөлүмдө кабыл алынат.

          Достук айыл өкмөтү квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге конкурс  өткөрүүчү күн жана жай кошумча билдирилет.

          Дареги: Жалал-Абад областы, Ноокен району, Шамалды-Сай айылы,Рыскулов  көчөсү, Телефондор:(03734) 6-00-00, (0551) 27-87-75

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00