Вакансиялар Баткен облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтү
Бөлүм: Самаркандек айыл өкмөтү
Кызмат орду: Салык маселелери боюнча жетектөөчү адис
Талаптар:

Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтү салык маселелери боюнча жетектөөчү адис бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт.

 

 

 

Жетектөөчү адис – салык маселелери боюнча

 

  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку же болбосо орто кесиптик билим  (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, финансы, айыл чарба жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү).

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт:

  1. Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,”Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүүсү;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жергилүктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” , “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”).

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөрү:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Билгичтиги:

- тиешелүү тармактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

-Конкурстук-сынактык комиссиянын торагасынын атына жазылган жеке арыз;

-кадрларды эсепке алуу баракчасы;

-3x4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

-паспорттун көчүрмөсү;

-жогорку же атайын орто билимин тастыктаган дипломдук көчүрмөсү, эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариустан күбөлөндүрүлгөн болушу керек)

Баткен району, Самаркандек айыл өкмөтүнүн кенсеси

тел: 03622 5-41-46, 0773-49-17-21

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-04-01 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00