Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтү
Бөлүм: Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтү
Кызмат орду: башкы адис, адис, жетектөөчү адис, инспектор, айыл башчы.
Талаптар:

Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтү

 

Көл-Төр айылы                                                                                  Бектемиров көчөсү №16

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-февралындагы №44-чү Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын муниципалдык административдик кызмат ордун ээлөө боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык төмөнкү  бош ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына сынак жарыялайт:

- социалдык жактан коргоо боюнча башкы адис;

- кирешелер боюнча башкы адис;

- ветеринария маселери боюнча жетектөөчү адис;

- жер-турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча адис;

- аскердик эсепке алуу боюнча инспектор;

 -айыл башчы;

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

- жашы 18 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын билиши;

- компьютерде иштей билиши;

- кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билиши;

Кесиптик билимдин денгээли боюнча:

башкы адис кызмат орундарына:

- жогорку билимдүү;

жетектөөчү адис кызмат ордуна:

- муниципалдык кызмат орунарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай орто кесиптик билим;

адис кызмат ордуна:

- муниципалдык кызмат орунарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай орто кесиптик жана орто билими;

Иш стажысы жана тажрыйбасы:

башкы адистик кызмат ордндарга:

- мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес же адистиги боюнча үч жылдан кем эмес иш стажысы;

жетектөөчү адис жана адис кызмат орундарга:

- иш стажысы талап кылынбайт;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды каттоо баракчасы;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);   

эгерде эмгек китепчеси болсо (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);     

       Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 21 күндүн ичинде  Көл-Төр айыл өкмөтү Көл-Төр айылы Бектемиров көчөсү №16 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет. 

        Кошумча маалыматтарды алуу үчүн жана жогорудагы кызмат орундарынын функционалдык милдеттери менен таанышуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (0-3947) 60-01-82 жана (0-705) 12-57-73.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2015-06-15 00:00:00
Дата аягы: 2016-07-06 00:00:00