Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Көл району Садыр аке айыл өкмөтү
Бөлүм: Ысык-Көл району Садыр аке айыл өкмөтү
Кызмат орду: башкы адис, жетектөөчү адис
Талаптар:

Ысык-Көл району Садыр аке  айыл өкмөтү

 

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-февралындагы №44-чү Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын муниципалдык административдик кызмат ордун ээлөө боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис, кирешелер боюнча башкы адис жана жерге жайгаштыруу, айыл чарба жана архитектура маселелери боюнча жетектөөчү адис  бош ваканттык администрациялык муниципалдык кызмат орундарына сынак жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

- жашы 18 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын билиши;

- компьютерде иштей билиши;

- кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билиши;

Кесиптик билимдин денгээли боюнча:

башкы адис кызмат орундарына:

-муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалаган профилдеги жогорку кесиптик билим.

жетектөөчү адис кызмат ордуна:

- муниципалдык кызмат орунарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай орто кесиптик билим;

Иш стажысы жана тажрыйбасы:

башкы адистик кызмат орундарга:

- мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес же жыйындысында эки жылдан кем эмес, адистиги боюнча үч жылдан кем эмес иш стажысы;

жетектөөчү адис жана адис кызмат орундарга:

- иш стажысы талап кылынбайт;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрайымынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды каттоо баракчасы;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);   

эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);     

       Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде  Садыр аке айыл өкмөтү Григорьевка айылы Бевзов көчөсү №139а дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет. 

        Кошумча маалыматтарды алуу үчүн жана жогорудагы кызмат орундарынын функционалдык милдеттери менен таанышуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (0-3943) 40-3-89 жана (0-702) 62-92-38.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2015-10-13 00:00:00
Дата аягы: 2015-10-28 00:00:00