Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо бөлүмү
Кызмат орду: Адис
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим.

 

2) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Функционалдык милдеттер:

«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»  КР  Мыйзамына жана КР Өкмөтүнүн, КР Премьер-министринин 2014-жылдын 5-мартындагы №98 буйругуна жана «КР иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтомуна ылайык  иш  жүргүзөт; жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын  кабыл алуу, алгачкы иштеп чыгуу, каттоо,  жетекчинин резолюциясына ылайык аткаруучуларга жиберүү  иштерин координациялайт, арыздарды АСКИД программасына каттайт; канцеляриянын ишин жүргүзүүгө жардам берет; иш техникасы (оргтехника) менен иштейт, документтерди көбөйтөт жана аткаруучуларга өз убагында жеткирүүсүн камсыз кылат.

Талап кылуунучу документтер:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- мүнөздөмө.

 Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Сузак району, Сузак айылы, Сатвалды-Палван к., №108, тел(03748) 5-00-75

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-05-14 00:00:00
Дата аягы: 2018-05-25 00:00:00