Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Сатып алуулар боюнча адис
Талаптар:
  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (социалдык-гуманитардык, экономикалык, айыл-чарба, техникалык).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Эмгек кодексин КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери:

- айыл өкмөттүн сатып алуулар маселелери боюнча иш алып барат жана уюштурат;

- айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы менен тыгыз иштейт;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрлардын каттоо баракчасы;

- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

- эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Байзак айыл өкмөтү К. Назарбек көч. №46 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-05-08 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00