Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: жер, турак-жай коммуналдык маселелери боюнча башкы адис
Талаптар:

Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтү

 

Семеновка айылы                                                                                             Совет көчөсү 20

 

      Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык жер,  турак-жай коммуналдык маселелери боюнча башкы адиси ваканттык административдик муниципалдык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

жер,  турак-жай коммуналдык маселелери боюнча башкы адиси  кызмат ордуна

1) кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку билим (юридикалык, жерге жайгаштыруу жана геодезия, архитектура жана курулуш, экология жана жаратылышты коргоо, айыл чарба, экология  багыттары боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Турак Жай кодексин жана Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” жана “Айыл чарбаны  өнүктүрүү жөнүндө”   мыйзамдарын билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Функционалдык милдеттери:

Айыл аймагындагы коммуналдык, курулуш, жер жайгаштыруу ошондой эле КБЖнын жерлерин жана муниципалдык менчик боюнча иштерди алып барат. Жана дагы айыл өкмөт башчысынын мыйзам чегиндеги тапшырмаларын аткарат.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрлардын каттоо баракчасы;

- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

- эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

- Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Семенов айыл аймагында кабыл алынат. Дареги: Семеновка айылы, Совет көчөсү № 20.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар:

(0 39 43) 34-3-52, (0-702) 22-20-50

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-06-17 00:00:00
Дата аягы: 2018-06-28 00:00:00