Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Көл районунун Темир айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: мамлекеттик сатып алуулар,инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис
Талаптар:

Ысык-Көл районунун Темир айыл аймагынын айыл өкмөтү

 

Темир айылы                                                                                             Бакытбек көчөсү №60

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык мамлекеттик сатып алуулар,инвестиция тартуу жана  өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис  ваканттык административдик муниципалдык кызмат орунга  ачык конкурс жарыялайт.

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

Мамлекеттик сатып алуулар, инвестиция тартуу жана  өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис  кызмат орунга:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык экономикалык, гуманитардык, геодезия жана  айыл чарба, экология жана жаратылышты коргоо экономика жана башкаруу,  жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар, багыттары боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик  жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; мамлекеттик сатып алуу боюнча сертификаты болуусу абзел.

  1. Кесиптик компетенциялары:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Турак жай кодексин, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбаны  өнүктүрүү жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдарын, “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө” Жобосун,  билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери:

  • Мамлекеттик сатып алуулар, инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис:
  • турак-жай маселелери, анын ичинде турак-жай фондун өнүктүрүү жана жакыр жарандардын турак-жай шарттарын жакшыртуу боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоого;
  • табигый кырсыктарды, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруу-практикалык иш чараларды уюштурууга катышууга;

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат.

- конкурстук комиссиянын төрайымынын атына жазылган жеке арыз:

- кадрларды каттоо баракчасы

- 3,4 өлчөмдөгү 4 даана сүрөт.

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналдык компьютердик тестирлөөгө келген маалда көрсөтүлөт)

- жогорку билимин тастыктаган  дипломун көчүрмөсү ( көчүрмөсү нотариустук же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүш керек):

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүш керек):

Документтер Массалык маалымат каражаттарына жарыялан күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Темир айыл өкмөтү, Бакытбек № 60 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерге кошумча билдирилет.

           Кошумча маалымат алуу үчүн (03943) 31-0-85 телефонго кайрылыӊыздар.

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-06-18 00:00:00
Дата аягы: 2018-07-02 00:00:00