Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ананьев айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: маалыматтык-компьютердик технологиялар боюнча иш кагаздарын жүргүзүүчү катчы адис
Талаптар:

Ананье айыл аймагынын айыл өкмөту

Ананьев айылы                                                                                    Ленин көчөсү – 120

 

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык маалыматтык-компьютердик технологиялар боюнча иш кагаздарын жүргүзүүчү катчы адис ваканттык административтик муниципалдык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

Адис кызмат орунга:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик билим (маалыматтык технологиялар, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын дана жергиликтүү  алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын билүүсү зарыл.                                                                               Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;                                                   аналитикалык документтерди даярдоо;                                                                                          тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;                                                                                                                                                кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;                                                                                иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;                                                                                                эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;                                  ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;                                         башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;                                                                   компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү;

Функционалдык милдеттер:

-  айыл өкмөткө тийиштүү иш кагаздарын жүргүзөт;

- жарандарга тийиштүү маалымкаттарды берет;

       

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;
  • кадрлардын каттоо баракчасы;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
  • паспорттун көчүрмөсү (оргиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);
  • жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же мурда иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же мурда иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10(он) жумушчу күндүн ичинде Ананьев айыл аймагында кабыл алынат.                       Дареги: Ананьев айылы, Ленин көчөсү № 120

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар:               (03943)48350

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-06-15 00:00:00
Дата аягы: 2018-06-29 00:00:00