Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Балыкчы шаарынын мэриясы
Бөлүм:
Кызмат орду: Аппарат жетекчи
Талаптар:

БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

 

Балыкчы шаары                                             Ж. Абдрахманов көчөсү 252

 

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706  токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык Балыкчы шаарынын мэриясы аппарат жетекчи  ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

Аппарат жетекчи кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык, техникалык багыттары боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: - КР Жарандык кодекси, КР Кылмыш жана жаза кодекси, КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекси, КР “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, КР “Укук ченемдик актылар жөнүндө”,  КР “Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндөмаалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу”, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, КР “Аксакалдар соттору жөнүндө”, КР “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө”, КР “КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамдары;

Аппарат жетекчинин негизги функционалдык милдеттери:

- жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;

- кызматтык этика ченемдерин сактоо;

- мамлекеттик органда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ички эмгек тартибинин, кызматтык нускамалардын эрежелерин, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын деңгээлин сактоо;

- ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

- өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана кеңеш берүү;

- отчетторду түзүү;

- өз компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- баш ийген мамлекеттик жарандык кызматчыларда жана муниципалдык кызматчыларда жеке кызыкчылыгынын пайда болушунун алдын алуу же ведомстволук түзүмдүк бөлүмчөдө мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта таламдардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү (түзүмдүк бөлүмчөнүн жетекчилери үчүн киргизилди);

- жогору турган адамдардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу.

Ачык конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрлардын каттоо баракчасы;

- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

- эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

-мурунку иштеген жеринен сунуштоо каты (бар болгон учурда);

-наркодиспансердик борбордон справка.

Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарын жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күн ичинде Балыкчы шаарынын мэриясынын 32-кабинетинде Балыкчы ш., Ж.Абдрахманова  252 дарегинде кабыл алынат. Ал эми, конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефонго кайрылыңыздар:  3-00-09

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-06-15 00:00:00
Дата аягы: 2018-07-02 00:00:00