Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Балыкчы шарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгы
Бөлүм:
Кызмат орду: Ижара акылар чогултуу боюнча адис
Талаптар:

БАЛЫКЧЫ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

 

Балыкчы шаары                                             Ж. Абдрахманов көчөсү 252

 

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706  токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык Б Мэриянын алдындагы мунииципалдык менчик башкармалыгынын ижара акыларын чогултуу боюнча адис ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

Ижара акыларын чогултуу боюнча адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

Экономикалык, юридикалык, курулуш, жерге жайгаштыруу тармагы боюнча жогорку билим же болбосо орто кесиптик билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

- жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: КР Эмгек кодекси;

- КР Жер кодекси, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, КР “Жергиликтүү кеңештин  депутаттарынын статусу жөнүндө”, КР “Укук ченемдик актылар жөнүндө”, КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, КР “Аксакалдар соттору жөнүндө”, КР “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү 

  жөнүндө” мыйзамдарын жана КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июль №517 Токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасынын иш кагаздардарын  жүргүзүү боюнча типтүү нускамаасын билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

билгичтиги:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- командада иштөө;

көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Ижара акыларын чогултуу боюнча адистин негизги функционалдык милдеттери

Ижара акыларын төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;

Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын сактоого жана ижара акыларын төлөөчүлөрдөн аны аткарууну талап кылууга;

Ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилген муниципалдык мүлк жана жер участокторун пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын эсептөөгө, чогултууга жана тиешелүү иш кагаздарын толтуруу, программаларды түзүү, бирдиктүү базага киргизүү;

өз убактысында отчетторду, маалыматтарды даярдоо жана жетекчиликке тапшырууга;

ижара төлөөчүлөргө түшүндүрү иштерин жүргүзүүгө;

жарандардан түшкөн арыздарга, сунуштарга белгиленген мөөнөтө жооп берүүгө;

мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик ээлеринин жерлерин, кыймылсыз мүлктөрүн ж.б. ижарага берилгендиги жөнүндө маалымат топтоп иш алып баруу;

муниципалдык мүлкттү жана жер участокторун мыйзамсыз колдонуучуларды аныктоо жана алар менен иш алып буруу;

өзүнө тиешелүү милдеттерден тышкары Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы жана бөлүм башчы тарабынан берилген тапшырмаларды аткарууга.

Ачык конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрлардын каттоо баракчасы;

- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

- эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

-мурунку иштеген жеринен сунуштоо каты (бар болгон учурда);

-наркодиспансердик борбордон справка.

Талапкерлердин документтер Массалык Маалымат Каражаттарын жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күн ичинде Балыкчы шаарынын мэриясынын 32-кабинетинде Балыкчы ш., Ж.Абдрахманова  252 дарегинде кабыл алынат. Ал эми, конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефонго кайрылыңыздар:  3-00-09

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-06-15 00:00:00
Дата аягы: 2018-07-02 00:00:00