Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: жооптуу катчы
Талаптар:

Жети-Өгүз районунун Липенка  айыл  аймагынын айыл өкмөтү

 

Липенка  айылы                                                                                         Корниенко көч №100

 

      Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык жооптуу катчы  бош ваканттык административдик муниципалдык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим ( мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,  техникалык, ,  юридикалык, социалдык, педагогикалык ,  гуманитардык жана экономикалык багыттар);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5  жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын  “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө”,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Жамааттар жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 “мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомун 2003-жылдын  24-июлундагы №462 “Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун билүүсү зарыл.

адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

- билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Фукционалдык милдеттери:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы, жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча юридикалык талаптарды сактоого жооп берүүгө
  • айылдык кеңештин чарбалык китебин жүргүзүүгө;
  • жергиликтүү кеңештердин иш кагаздарын, анын ичинде айылдык  кеңештерге жарандардын даттануулары жана кайрылуулары менен иштөө
  • айыл өкмөтүнүн календарлык иш планынын долбоорун иштеп чыгууга жана айыл өкмөтүнүнү башчысы бекиткенден кийин анын аткарылышын контролдоого
  • айыл өкмөтүнүн документацияларын сактоону системалаштыруу жана тиешелүү абалын камсыз кылууга
  • айыл өкмөтүндө жарандардын даттануулары жана кайрылуулары менен иштөөнү кошкондо айыл өкмөтүнүнү иш кагаздарын, ошондой эле келгендерди кабыл алуу журналын жүргүзүүнү контролдоого
  • КР мыйзамында белгиленген мөөнөтө архивке документтерди тапшырууга

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрлардын каттоо баракчасы;

- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

- эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Липенка айыл өкмөтү Липенка айылы Корниенко көчөсү №100 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет

        Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар:           (0-3946) 60007

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-05-24 00:00:00
Дата аягы: 2018-06-07 00:00:00