Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жети-Огуз районунун Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: жер, турак- жай коммуналдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис
Талаптар:

  Жети-Өгүз районунун  Саруу айыл өкмөтү

 

       Саруу  айылы                                                                         Жээренбай –Ажы көчөсү № 59.

 

   Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык айыл      жер,  турак- жай  коммуналдык   менчик  жана   өзгөчө  кырдаалдар  боюнча адистин   бош ваканттык административдик муниципалдык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:

Коюлуучу  квалификациялык  талаптар: 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

    -тийиштүү багыттагы жогорку  кесиптик билим же тийиштүү багытагы орто кесиптик билим (физика –математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, маданият жана искусство, экономика жана башкаруу, тейлөө сферасы , айыл чарба, автоматаштыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар)

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

         - стажына талап коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

         төмөнкүлөрдү билүү:

         Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбаны онуктуруу жонундо” Мыйзамы;

КР “Жайыттар ”жөнүндө Мыйзамы;

         кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

Билгичтиги

         Маалыматты  жыйноо,талдоо, системалаштыруу  жана  жалпылоо

         Аналитикалык  документтерди  даярдоо;

         тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

         кесиптештер менен натыйжалуу  кызматташуу;

         иштиктүү  сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүү;

         эмгектин  жаны  шарттарына  көнүү;

         - көндүмдөрү:

         ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

         компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Фукционалдык милдеттери:

 - жергиликтүү коомдоштуктун аймагындагы турак жай фондунун абалын изилдөөгө жана жергиликтүү кеңеш үчүн тиешелүү маалымат даярдоого;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү кеңештин Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүштүрүүгө жана пайдаланууга тийиштүү чечимдерин аткарууну уюштурууга;

- муниципалдык менчикти пайдаланууга жана тескөөгө байланыштуу маселелер боюнча жергиликтүү кеңештин жана айыл өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун даярдоого жана алардын аткарылышын контролдоого;

- тийиштүү мамлекеттик кызматтар менен бирдикте курулуш иштерин жүргүзүүчү юридикалык жактарда жана жеке адамдарда курулуштук документтери бар экенин, тургузулган курулмалардын архитектуралык жана санитардык нормаларга, өрт коопсуздугуна ылайык келишин текшерүүгө;

Сынакка катышуу учун төмөндөгү документтер талап кылынат:

- жеке арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, фото сүрөтү (4х6);

- паспортунун көчүрмөсү, кесиптик  билими,  иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын ырастоочу  документтери, соттолбогондугу  тууралуу  маалымдама  (Эмгек  китепчесинин  көчүрмөсү, кесиптик  билими,  иш стажын жана квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү, алар нотариалдык  мекемелер тарабынан күбөлөндүрүлүп ырасталышы керек).

Талапкерлерден документтерин кабыл  алуу  Саруу  айыл өкмөтүндө  газетага  жарыя  чыккан  күндөн  тартып  10 (жумушчу) кундун  ичинде  кабыл  алынат, документ  кабыл  алуу акыркы  онунчу  күндун  саат 17-00 до  токтойт .

Кошумча  маалыматтарды алуу учун төмөндөгү  телефондорго  кайрылыңыздар       (03946) 57-3-03,57-4-17 Саруу  айыл  аймагынын    айыл  өкмөтү 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00