Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл окмоту
Кызмат орду: мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис
Талаптар:

Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү

КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамына ылайык төмөндөгү муниципалдык административдик ваканттык кызмат ордуна  сынак жарыялайт.

 

 

Жерге-Тал  айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар  боюнча  адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (финансы, экономикалык).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; КР “Мамлекеттик сатып алуулар” Мыйзамын, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамын, КР Бюджеттик кодексин.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери:

  • Жетекчиликтин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу;
  • Мамлекеттик сатып алуулар порталы менен иш алып баруу;
  • Айыл өкмөтүнүн сатып алуулар боюнча планын түзүү;
  • Тендерлерди өткөрүү ж.б.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариустан

күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү бар болсо ( нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

- КР финансы Министирлиги тарабынан берилген мамлекеттик сатып алуулар

боюнча сертификаты

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  чыккандан  баштап 10 жумушчу  күнгө   чейин  Ак-Талаа  районунун  Жерге-Тал   айыл өкмөтүндө  кабыл  алынат. Дареги: Чолок-Кайын айылы Капар  көчөсү  №18.  Толук маалымат www.mkk.gov.kg сайтында. Сурап  билүү  телефондору: (03537)  60-7-43, 0700 490-863

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-07-03 00:00:00
Дата аягы: 2018-07-16 00:00:00