Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын районунун Кара-Кужур айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл окмоту
Кызмат орду: Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору, Мал чарбалык жана ветеринариялык маселелери боюнча адис
Талаптар:

Нарын районунун Кара-Кужур айыл өкмөтү КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамына ылайык төмөндөгү муниципалдык административдик ваканттык кызмат орундарына  сынак жарыялайт.

 

аскердик-эсепке алуу  столунун инспектору кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (социалдык-гуманитардык, экономикалык, айыл-чарба, техникалык).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР “Жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жана  альтернативдик кызматты өтөө жөнүндө” Мыйзамын,

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери

  • Жетекчиликтин тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Аскерге милдетүүлөр менен иш алып баруу;
  • Алтернативдик кызмат өтөп жаткандар менен иш алып баруу;
  • Тиешелүү отчетторду даярдоо жана тапшыруу ж.б

 

Мал чарбалык жана ветеринариялык маселелери боюнча адиси кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (ветеринария, айыл-чарба, техникалык).

2.Иш стажысы жана тажырыйбасы:

- иш стажысына талап коюлбайт;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

      Кыргыз Республикалык жалпы мыйзамдарын,ошондой эле тиешелүү тармагындагы

мыйзамдарды;

КР «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамын,

КР «Айыл чарбасын өнүктүрүү» Мыйзамын,

КР «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын,

КР «Айыл чарба багытындагы жерди башкаруу жөнүндө» Мыйзамын.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Негизги функционалдык милдеттери

  • Жетекчиликтин тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эпизотиялык абалды көзөмөлдөө;
  • Айыл өкмөтүндө ветеринардык иштерди алып баруу;
  • Тиешелүү отчетторду даярдоо жана тапшыруу ж.б

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, омур баян;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  чыккандан  баштап 10 жумушчу  кънг= чейин  Кара-Кужур айыл аймактык айыл өкмөтүндө кабыл алынат Дареги: Лахол айылынын Асаке №34 толук маалыматты www.mkk.gov.kg сайтынан алсаныздар болот Сурап  билъъ  телефондору: 0709105874  0772172090

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-07-03 00:00:00
Дата аягы: 2018-07-16 00:00:00