Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Нарын районунун Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл окмоту
Кызмат орду: жер турак-жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис
Талаптар:

Нарын районунун Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтү КР Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык  төмөндөгү муниципалдык административдик ваканттык кызмат ордуна  сынак жарыялайт.

 

Он-Арча айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, комуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис кызмат ордуна коюулуучу квалификациялык талаптар

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (айыл-чарба, техникалык).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Жер кодексин, КР Турак-жай кодексин, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, КРӨнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы №733 токтому менен бекитилген КР өзгөчө кырдаалдардын класификациясын, КР “Жарандык  коргонуу  жѳнүндѳ” Мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери

  • Жетекчиликтин буйруктарын жана тапшырмаларын аткарат;
  • Айыл өкмөтүнүн аймагындагы коопту участокторго көзөмөл жүргүзөт, жарандык коргонуу боюнча иштерди алып барат;
  • Жер боюнча тиешелүү комиссиялар менен иш алып баруу;
  • Тийиштүү отчетторду даярдоо жана тапшыруу ж.б.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү бар болсо (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтер Нарын районунун Эчки-Башы айылы Бирназар уулу С. Көчөсү №81 дарегинде Он-Арча айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн www.mkk.gov.kg сайтына жана төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 03522 6-00-46, 0703 98-15-23

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-07-03 00:00:00
Дата аягы: 2018-07-16 00:00:00