Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл окмоту
Кызмат орду: жерге жайгаштыруу, айыл чарба, мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча жетектөөчү адис
Талаптар:

Ак-Талаа  районунун  Кызыл-Белес  айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына    ылайык  айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, айыл чарба, мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча жетектөөчү адис бош  административдик муниципалдык кызмат  ордуна  сынак жарыялайт.

квалификациялык   талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (социалдык-гуманитардык, экономикалык, айыл-чарба, техникалык).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Жер кодексин, КР “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарбасы жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарбасын өнүктүрүү” Мыйзамын, КР “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамын.  

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери

  • Жетекчиликтин буйруктарын жана тапшырмаларын аткарат;
  • Айыл өкмөтүнө тиешелүү аймактарда эпизотиялык абалды көзөмөлгө алуу;
  • Жер боюнча тиешелүү комиссиялар менен иш алып баруу;
  • Айыл чарба багытындагы жерлер менен иш алып баруу;
  • Тийиштүү отчетторду даярдоо жана тапшыруу ж.б.

 Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү бар болсо (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Документтер Ак-Талаа районунун Кадыраалы айылы Н.Кулназаров көчөсү №71 дарегинде Кызыл-Белес айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 03537 6-05-50, 0702 60-26-63

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-06-22 00:00:00
Дата аягы: 2018-07-03 00:00:00