Вакансиялар Баткен облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БАТКЕН АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫ
Бөлүм: Бухгалтердик эсеп, кадрдык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү сектору,Токой экосистемасын өнүктүрүү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, мамлекеттик экологиялык экспертиза, жаратылышты пайдалануу жана мониторинг бөлүмү
Кызмат орду: Башкы адис, Адис
Талаптар:

КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  ӨКМӨТҮНӨ  КАРАШТУУ КУРЧАП ТУРГАН  ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ МАМЛЕКЕТТИК  АГЕНТТИГИНИН  БАТКЕН АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫ

Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик  кызмат  жөнүндө”мыйзамына ылайык төмөнкү ваканттык административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө боюнча СЫНАК  ЖАРЫЯЛАЙТ:

  1. Бухгалтердик эсеп, кадрдык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү секторунун:
  • Башкы адис кызматына 1 бош орун.

Квалификациялык  талаптар:

- жогорку  билими (экономика, юриспруденция, мамлекеттик башкаруу жана гуманитардык)

- мамлекеттик кызмат стажы бир жылдан кем эмес, же адистиги боюнча стажы үч жылдан кем эмес;

- Кыргыз Республикасынын окмотунун 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана мунисипалдык кызматты уюштуруу маселелери жонундогу” токтомун билүүсү;

- Кыргыз Республикасынын окмотунун 2003-жылдын 24-июлундагы №462 “Эмгек китепчесинин формасын жана эмгек китепчесине кошумча барактын формасын киргизуу жөнүндөгү” токтомун билүүсү;

- Кыргыз Республикасынын президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чойросундогу кээ бир маселелер жөнүндөгү” жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндөгү жобону билүүсү;

- Кыргыз Республикасынын окмотунун 2017-жылдын 6-январындагы №8 токтомуна ылайык Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону билүүсү;

каржы башкаруу боюнча, жаратылышты коргоо жана мамлекеттик кызмат жөнүндөгү  мыйзамдарын  билүүсү (нормативдик – укуктук актылардын толук тизмеси wwwmkk.gov.kg сайтында);

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

-  компьютерде иштей билүүсү жеке компьютерди тажрыйбалуу пайдалануусу, Windows 2000, XP,2007) 

  1. Токой экосистемасын өнүктүрүү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, мамлекеттик экологиялык экспертиза, жаратылышты пайдалануу жана мониторинг бөлүмүнун:
  • Адис кызматына 1 бош орун

Квалификациялык талаптар:

- жогорку билими (экология, жаратылышты пайдалануу, токой жана анчылык чарба, биология, география, юриспруденция );

- токой кодексин жана административдик кодексин билүүсү;

- Кыргыз Республикасынын “өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөгү”. “Осумдуктор дуйносун коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү”, “жаныбарлар дуйносу жөнүндөгү” жана “Биосфералык аймактар жөнүндөгү” мыйзамдарын билүүсү.

- мамлекеттик кызматта эмгек стажысыз (мүмкүн болушунча бир жыл эмгек стажы);

-   кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

-  компьютерде  иштей билүүсү (жеке компьютерди тажрыйбалуу пайдалануусу, Windows 2000, XP,2007)

Конкурска  катышууга  керектүү  документтер:

-  өз колу менен жазылган арыз;

- паспортун же ким экендигин тастыктаган башка документин (паспортунун же ким экендигин тастыктаган документтеринин  түп  нускасын  конкурска келгенде өзү көрсөтөт) көчүрмөсүн;

- керектүү  кесиптик  билими,  эмгек  стажы  жана   квалификациясы жөнүндө документтерин (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин  көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

-мурунку иштеген жеринен сунуш каттарын (мамлекеттик органдын талабы боюнча).

- кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы;

- сүрөт (4х5) – 2 сүрөт;

- өмүр баян;

Документтер 2018-жылдын 7-август күнү  саат 17:30 га чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары, И.Раззаков көчөсү №19,  тел. 0(3622) 5-18-24

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-07-25 00:00:00
Дата аягы: 2018-08-07 00:00:00