Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кочкор-Ата шаарынын мэриясы
Бөлүм:
Кызмат орду: Жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис (1 штаттык бирдик), ж.б.
Талаптар:

 Кесиптик билимдин деңгээли: Энергетика жана электротехника, айыл чарба, транспорттук техника жана технология, архитектура жана курулуш, радиотехника жана байланыш, өзгөчө кырдаалда коргонуу багытындагы жогорку же атайын орто кесиптик билим.

Иш тажрыйбасы: иш стажына талаптар коюлбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Турак-жай кодекси, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдарды, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.

Функционалдык милдеттери:

-жер, турак-жай, коммуналдык чарбанын иштеши жана аны өнүктүрүү жана аймактарды ынгайлаштыруу маселелери боюнча маалыматтарды чогултуу жана жалпылоого;

 -жергиликтүү жамааттын аймагындагы курулуш иштерин жүргүзүүчү ишканалардын, мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле жеке адамдар менен  курулуш нормаларын сактоо маселеси боюнча инсктруктаж өткөрүүгө;

-тийиштүү мамлекеттик кызматтар менен бирдикте курулуш иштерин жүргүзүүчү юридикалык жактарда жана жеке адамдарда курулуштук документтери бар экенин, тургузулган курулмалардын архитектуралык жана санитардык нормаларга, өрт коопсуздугуна ылайык келишин текшерүүгө;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына калктуу конуштун архитектуралык көрүнүшү боюнча сунуштарды даярдоого;

-имараттардын жана курулмаларды курулуш  нормаларына ылайык келишин изилдөөгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына тийиштүү маалымат даярдоого;

-шаар аймагындагы өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу алдын алуу иштерин алып баруу  жана атайын иш-чараларды иштеп чыгуу;

-жарандык  коргонуу боюнча  иш-аракеттерди көрүү жана иш алып баруу;

-сел коркунучу бар жайларды аныктоо;

  1. Жетектөөчү адис -экономист-статист (1 штаттык бирдик)

Квалификациялык талаптар:

 Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономикалык, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика багытындагы жогорку билим же орто кесиптик билим.

 Иш тажрыйбасы:  иш стажына талап коюлбайт.

 Кесиптик компетенттүүлүгү: Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө» мыйзамдарды, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.

Функционалдык милдеттери:

-жергиликтүү коомдоштуктун аймагында жайгашкан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иш-аракетине комплекстүү экономикалык талдоо жүргүзүүгө, товарларды чыгарууну кеңейтүү капиталдык салымдарды жана жергиликтүү эмгек  ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча кызматтарды жана жумуштарды көрсөтүү резервдерди аныктоого;

-анын ишин жана улам өзгөрүп туруучу тышкы жана ички экономикалык шарттарга башкаруу системасын  өнүктүрүү максатында жергиликтүү коомдоштукту өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга катышууга;

-экономикалык болжолдоо көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө, ошондой эле жергиликтүү коомдоштуктун аймагында жайгашкан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иштеринин өндүрүштүк жана техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн эсебин  жүргүзүүгө жана белгиленген мөөнөттөрдө мэрияга  жана статистика органдарына аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшү тууралуу маалымат берүүгө;

-алынган маалыматтардын тууралыгын, аларды өткөн мезгилдеги маалыматтар менен айрым топтор жана бөлүмчөлөр боюнча салыштырмалуу  текшерүүнү жүргүзүүгө;

-алынган маалыматтарды системалаштырууга жана иштеп чыгууга;

СЫНАКА КАТЫШУУ ΥЧΥН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:

  1. Өздүк арыз, комиссиянын төрайымынын атына;
  2. Өздүк баракча;
  3. 4х6 өлчөмдөгү сүрөт эки даана;
  4. Резюме;
  5. Өздүгүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспорт)
  6. Билими тууралуу документтин көчүрмөсү(нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган)
  7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү(бар болсо, нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган)
  8. Сунуштама кат;
  9. Ден-соолугу тууралуу ф 0,86 медициналык тактама;

10.Талапкердин өз колу менен жазылган өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)

Документтерди кабыл алуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн кийин 10 (он) жумушчу күндүн ичинде   төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт.

Кочкор-Ата шаары, Токтогул көчөсү-17.  Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын имараты.

Байланыш телефондор:  0 (37-34) 5-33-63,  0 777 86 52 18 ;

Электрондук дареги: Saipedenova@mail.ru 

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге конкурс өтүлүүчү күнү жана жайы боюнча кошумча  билдирилет.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-08-22 08:30:00
Дата аягы: 2018-09-06 17:30:00