Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспорт боюнча Мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгы
Бөлүм: Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспорт боюнча Мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгы
Кызмат орду: Ага инспектор
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат» жөнүндөгү мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарабынан бекитилген «Мамлекеттик административдик бош кызмат орундарына сынак өткөрүү боюнча»Убактылуу Жобосуна ылайык башкармалыктын Ак-Талаа району боюнча ага инспекторлук бош ваканттык административдик мамлекеттик ордуна сынак жарыялайт:

Коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар:

- автомобиль жана транспорт тармагында жогорку билимдүү;

- автотранспорттук кызмат көрсөтүү жана тейлөө боюнча жөндөмү;

- жашы 21 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

- компьютерде иштей билиши;

- кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билиши;

- иш стажысы талап кылынбайт;

Негизги функционалдык милдеттери:

- чет элдик авто ташуучуларды Кыргыз Республикасынын аймагына кирип-чыгуу жана транзиттик өтүү укугун көзөмөлдөйт. Эгерде укугу жок болсо өзүнүн кызматтык абалынын чегинде уруксаат кагазын берет;

- МАИ, Бажы Чек ара кызматкерлери менен бирдикте Эл аралык каттамдар маселеси боюнча биримдикте кызмат алып барат;

- автотранспорт ишкердигин мамлекеттик жөнгө салуу жана транспорттогу мыйзамдарды аткарылуусун көзөмөлдөйт;

Сынакка катышу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- аттестациялык-сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);   

- эгерде эмгек китепчеси болсо (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);   

       Талапкерлерден документтер 2012-жылдын 2-ноябрына чейин Нарын шаары Нарын көчөсү №30 дарегинде кабыл алынат.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар: (0-3522) 5-19-23, 5-07-68.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2012-10-22 00:00:00
Дата аягы: 2012-11-02 00:00:00