Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Реалдуу сектор
Кызмат орду: Адис
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономика, финансы, курулуш, транспорттук техника жана технология, юриспруденция багыты боюнча жогорку билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, «Автомобиль жолдору жөнүндө», «Автомобиль транспорту жөнүндө», «Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому.

 

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

 

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

- функционалдык милдеттери:

Райондо өнөр жай, жол-транспорт, байланыш жана коммуникация багытындагы иштерди координациялайт, ички жолдордун пайдаланылыш боюнча иштерди көзөмөлдөйт.Жаңы ачылган ишканалар менен иш алып барат, алардын натыйжалуу иштешине өбөлгө түзөт. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, кайра иштетүү, баа саясаты, аймакка инвесиция булактарын тартуу жана инновация, ички жана сырткы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, эл керектөөчү товарларды өндүрүү жана соода тармагы боюнча иш аракеттерди багыттайт. Банктар, финансы-кредиттик мекемелер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен иш алып барат.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт (3х4 өлчөмүндө 2  даана);

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, билими жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт)

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштан 10 жумушчу күн ичинде төмөндөгү дарек аркылуу кабыл алынат: Токтогул шаары, А.Суеркулов көчөсү № 1, 3-кабат, байланыш телефону 5 0025

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-10-08 08:30:00
Дата аягы: 2018-10-19 17:30:00