Вакансиялар Чүй облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ТОКОЙ ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы
Бөлүм:
Кызмат орду: Экологиялык мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси
Талаптар:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖАНА ТОКОЙ ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН

Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамына ылайык төмөнкү административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөө боюнча

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

Административдик мамлекеттик кызматтарга жалпы квалификациялык талаптар:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндө Жобосун” билүүсү;

- кызматтык милдеттерин аткарууда керектүү көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

- компьютерде иштей билүүсү (жеке компьютерди тажрыйбалуу пайдалануусу, Microsoft Office, Windows 2000, XP,2007, Интернет).

 

  • Экологиялык мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси – 1 бош орун;

Квалификациялык талаптар:

- жогорку билими (табиятилимдери, экология,химия, геохимия, биохимия, биология  боюнча);

- мамлекеттик жана/же  муниципалдык кызматтагыжыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосотиешелүү кесиптик чөйрөдө  3 жылдан кем эмес иш стажы;

- Кыргыз Республикасынын “Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Калктын ражиациялык коопсуздугу жөнүндө”, “Суу жөнүндө”, “Жер жөнүндө”, “Атмосфера абасын коргоо жөнүндө” жана мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдарын билүүсү;

- ИСО/МЭК 17025 эл аралык стандартын, эмгекти коргоо, коопсуздук техникасын. Өндүрүштүк санитарияны жана орт коопсуздугуна каршы коргоону билүүсү;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

-  компьютерде иштей билүүсү (жеке компьютерди тажрыйбалуу пайдалануусу, Windows 2000, XP,2007, Microsoft Office, Интернет).

 

Конкурска  катышууга  керектүү  документтер:

-  өз колу менен жазылган арыз;

- паспортун же ким экендигин тастыктаган башка документин (паспортунун же ким экендигин тастыктаган документтеринин түп нускасын конкурска келгенде өзү көрсөтөт) көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик  билими,  эмгек  стажы  жана   квалификациясы жөнүндө документтерин (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- мурунку иштеген жеринен сунуш каттарын (мамлекеттик органдын талабы боюнча).

- кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы;

- сүрөт (4х5) – 2 сүрөт;

 

 

Документтер 2018-жылдын 15-октябрына  саат 18.00гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 42  тел. 54-41-05.

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-10-02 00:00:00
Дата аягы: 2018-10-15 00:00:00