Вакансиялар Чүй облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адис ж.б.
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Ысык-Ата айыл өкмөтү төмөндөгү ваканттык административдик муниципалдык кызмат орундарына конкурс жарыялайт:

мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адис-1,

мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис-1 бош  муниципалдык кызмат орундарына конкурс жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:

  1. Мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адиске:

Билими боюнча:  Ветеринария жана зоотехния боюнча жогорку кесиптик билими, Эмгек стажысы боюнча:1жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык эмгек стажысы, же болбосо 3 жылдык кесиптик эмгек стажысы,

Профессионалдык компетенциясы боюнча:

Билүүсү:мамлекеттик жана расмий тилди, кесибине тийиштүү тармактагы КР мыйзамдарын “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндөгү”, “Ветеринария жөнүндө”, “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө”  билүүсү талап кылынат.

Көндүмдөрү:

-маалыматтарды чогултуп,анализдеп, систематизациялоону билүү.

-жергиликтүү жана чет элдик тажрыйбаны өз ишинде колдоно билүүсү.

-коллегалар менен натыйжалуу иш алып баруу.

-иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү.

-иштеги жаңы жагдайларга көнүп кетүү

Өнөрдүүлүк:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөөнү жана иште колдонуу.
  • ишти жумуш убактысында туура бөлүштүрүү.
  • жетекчинин чечимдерин тез арада ишке ашыруу.
  • тийиштүү деңгээлде компьютердик программаларды билүүсү.

 

  1. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адиске:

Билими боюнча: Салык, каржы жана экономика тармагындагы жогорку же кесиптик атайын орто билими,

Эмгек стажысы боюнча: эмгек стажысы талап кылынбайт.

Профессионалдык компетенциясы боюнча:

Билүүсү:мамлекеттик жана расмий тилди, кесибине тийиштүү тармактагы КР мыйзамдарын “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө”, КР Бюджеттик Кодексин билүүсү талап кылынат.

Көндүмдөрү:

-жетекичлердин тапшырмаларын натыйжалуу, так аткаруу

-суроо-талаптарга убагында жооп берүү, маалыматты так, убагында, сапаттуу дайындоо.

- жергиликтүү жана чет элдик тажрыйбаны өз ишинде колдоно билүүсү

-кызматтык милдеттерге ылайык эффективдүү иш алып баруу

- жарандардын кайрылууларына жооп берүү.

-мамлекеттик жана расмий тилде иш-кагаздарын жүргүзүүнү,жазууну билүү.

-бир команда болуп иштөө.

Өнөрдүүлүк:

  • компьютердик программаларды тийиштүү деңгээлде билүүсү талап кылынат
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөөнү жана иште колдонуу.

Функционалдык-кызматтык милдеттери:

  1. Мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адиске:
  • мал жана үй канаттуулардын санагын жүргүзөт (форма №3)
  • жылдын жыйынтыгы менен малдын жана үй канаттулардын санагынын жыйынтыгын чыгарат (форма №6)
  • айыл аймак боюнча малды идентификациялоонун маалымат базасын жүргүзөт
  • мал чарбачылыгын жана айыл чараба тармагын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
  • агрардык сектор боюнча мониторинг жана анализ жүргүзөт, тийиштүү отчетторун берет, ж.б.
  1. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адиске:

-Кыргыз Республикасынын 03.04.2015ж. №72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык кызматтык милдетттерин аткарат.

-Мамлекеттик сатып алуу боюнча бардык тийиштүү иш-чараларды аткарат жана мамлекеттик сатып алуу боюнча иш-кагаздарын жүргүзөт, конкурстук комиссияга жардам көрсөтөт, тийиштүү отчетторун берет.

Бардык ваканттык орундарга: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамдарын жана өзүнүн кызматына тийиштүү мыйзамдарды, зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди, компьютердик программаларды билүүсү талап кылынат.

Талап кылынуучу документтер. Жеке арызы, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөтү, паспорттун көчүрмөсү, - керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

            Документтер конкурс жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде төмөнкү даректе айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы тарабынан кабыл алынат :Ысык-Ата айыл өкмөтү, Алмалуу айылы С.Жакишев көчөсү №17, сурап билүү телефону:0704800028.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-10-09 00:00:00
Дата аягы: 2018-10-23 00:00:00