Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: ЖУМГАЛ РАЙОНУНУН КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: Башкы адис
Талаптар:

Жумгал   районунун  Кабак  айыл аймагынын айыл өкмөтү

 Кыргыз Республикасынын Президентинин  2006-жылдын  28-июнундагы   №327 – жарлыгына ылайык  бекитилген «Кыргыз  Республикасынын  муниципалдык  административдик  кызмат   ордун ээлөө боюнча   конкурс  өткөрүүнүн  тартиби   жөнүндө»  жобосуна   ылайык  айыл өкмөтүнүн жер, турак жай – коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис жана социалдык жактан тейлөө боюнча адис кызмат  орундарына сынак жарыялайт.

Айыл өкмөтүнүн  жер, турак жай – коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адисине коюлуучу квалификациялык талаптар

- жогорку  билимдүү,

- жашы 18 жаштан кем эмес  Кыргыз  Республикасынын  жараны,

- Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарын  жана  нормативдик  укуктук  актыларын билиши,

- компьютерде иштей  билиши,

- жарандар  менен  иш  алып   барууга   жөндөмдүүлүгү,

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- Мамлекеттик же муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес стажы, же жыйынтыктаганда эки жылдан кем эмес  же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес;

Кошумча билүүсү:

Кыргыз Республикасынын Турак Жай кодексин, Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын “Өзгөчөр кырдаалдар министрлиги жөнүндө” жобосун; 

Ыктуулугу:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

-демилгелүүлүк;

- ишкердик сүйлөшүүлөрдү, кат алышууларды жана жолугушууларды жүргүзүү.

Көндүмдөр:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгууда;

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- чыр-чатак кырдаалдарды жөнгө салуу.

Айыл өкмөтүнүн социалдык жактан тейлөө адис кызматына коюлуучу   квалификациялык  талаптар:

-аттестациялык-сынактыккомиссиянын төрагасынын  атына  жазылган  жеке  арызы,

- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай орто , атайын орто, жогорку кесиптик билим.

- иш  стажына талап коюлбайт.

Ыктуулугу:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын  кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуулар;

- командада иштөө.

Көндүмдөр:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Талапкерлерден кабыл алынуучу документтерднн тизмеси:

-аттестациялык-сынактык комиссиянын төрагасынын  атына  жазылган  жеке  арызы,

-3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт,

-өздүк  баракчасы,

-билимин  тастыктаган  документтин  көчүрмөсү (нотариалдык  конторадан же мурунку иштеген жеринен) күбөлөндүрүлгөн.

-эмгек  китепчесинин   көчүрмөсү  (нотариалдык  конторадан) күбөлөндүрүлгөн.

-паспортунун көчүрмөсү (даанасы  сынакка  келгенде көрсөтүлөт),

-резюме,

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  чыккандан  баштап 14  күнгө  чейин  Жумгал районунун  Кабак  айыл өкмөтүндө  кабыл  алынат.Дареги: Кызыл-Коргон айылы Ы.Ашырбеков көчөсү  №1 Сурап  билүү  телефондору:  (03536) 6-04-11

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-06-15 00:00:00
Дата аягы: 2016-06-29 00:00:00