Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы
Бөлүм: Бухгалтердик эсеп, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү сектору
Кызмат орду: Адис
Талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- экономика, финансы, бухучет жана аудит багыттары боюнча  жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик учет жөнүндө”, “Республикалык бюджет жөнүндө (тийиштүү жылдарга)” мыйзамдары;

- билгичтиги:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматты, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- талдоо жүргүзүү, ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбасын, тиешелүү чөйрөдө жана аны практикалык иште колдонуу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылуусу боюнча кароо жана жоопторду даярдоо;

- ишкер кат алышуу мамлекеттик жана/же расмий тилде;

- командада иштөө;

- чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

- өз убагында кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды табуу жана чечүү;

- көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана бекитилген бюджеттерди аткаруунун эсебин алуу, сметаларды жана чарбалык операциялардын. ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Бухгалтердик эсеп, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү секторунун адисинин кызматтык милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону;

- жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сакталышын камсыз кылуу жана коргоо;

- кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;

- Башкармалыкта белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамалардын тартибин сактоо, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармануу;

- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

- өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана аларга консультация берүү;

- отчетторду түзүү;

- өз компетенциясынын чектеринде актуалдуу маселелери боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде жогору турган адамдардан берилген буйрук жана көрсөтмөлөрдү өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;

- бухгалтердик эсепти жүргүзүү  жана чарбалык операциялар боюнча ишти аткаруу;

- эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча тиешелүү бухгалтердик эсептин участокторун аванстык жана материалдык отчетторго  контроль жүргүзүү;

- салыктарды жана жыйымдарды республикалык жана жергиликтүү бюджетке, камсыздандыруу төгүмдөрүн мамлекеттик бюджеттен тышкаркы социалдык фонддорго, банк мекемелердин төлөмдөрүн, капиталдык салымдарды каржылоого каражатарын, жумушчулардын жана кызматчылардын эмгек акылар жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле башкармалыктын кызматкерлерин материалдык колдоого көрсөтүлгөн каражаттарды эсептейт жана которууну жүргүзөт

- салык органдары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жөнгө салуучу органдар менен ишти уюштурат;

- жумушчуларга жана кызматчыларга эмгек акы, сый акы, командировкалык жана башка чыгымдарын төлөө үчүн банк мекемелеринде  акча каражаттарынын документтерин тариздейт жана белгиленген тартипке ылайык алат,

- кириштөө жана чыгыштоо документтеринин негизинде касса китебин жүргүзөт;

- кассалык отчетту жүргүзөт;

- ага ишенип берилген баалуулуктардын сакталышын камсыз кылууга коркунуч келтирген бардык жагдайлар жөнүндө өз убагында билдирет (башкы бухгалтер),.

Талап кылынуучу документтер:

- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

Документтерди кабыл алуу жарыя ММКда чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 9-00 дөн 18-00 гө чейин кабыл алынат.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, Б. Осмонов көчөсү 130, 

Тел.: (03722) 4-05-11, 4-08-30, (0779) 201 588

Сынак өткөрүү орду жана убактысы кошумча билдирилет.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-10-22 00:00:00
Дата аягы: 2018-11-02 00:00:00