Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм:
Кызмат орду: Жетектөөчү адис
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

-  Гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо багыты боюнча жогорку билим.

2) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндикги жана диний уюмдары жөнүндө», «Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө» мыйзамдары.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Функционалдык милдеттер:

Райондо диний мекемелери боюнча иш алып барат, тиешелүү иш чараларды иштеп чыгып, аткарууну уюштурат; райондук кесиптик лицейлерге, райондук архив, райондук ЖААК бөлүмүнө,  карылар жана майыптар үйүнө, куратордук жүргүзөт; райондо элди таза суу менен камсыздоого тиешелүү иш чаралар боюнча иш алып барат; райондук аксакалдар кеңеши, аялдар кенеши, жаштар кеңеши менен иш алып барат; менчигинин түрүнө жана уюштуруу укуктук формасына карабастан райондун аймагындагы мекеме ишканаларда, коомдук бирикмелерде тил мыйзамынын талабына ылайык колдонулуусун, бул багытта тиешелүү иш чараларды иштеп чыгып, аткарылуусун көзөмөлдөйт; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамынын, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытындагы башка укуктук ченемдик актылардын райондун аймагында аткарылышын уюштурат жана көзөмөлдөйт.

 Талап кылуунучу документтер:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- мүнөздөмө.

 Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Сузак району, Сузак айылы, Сатвалды-Палван к., №108, тел(03748) 5-00-75

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00