Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: Адис
Талаптар:

Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтү       

      “Кыргыз Республикасынын муниципалдык административдик кызмат ордун ээлөө боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык  киреше боюнча адис ваканттык администрациялык муниципалдык кызмат орундарына сынак жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

- жашы 18 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын билиши;

- компьютерде иштей билиши;

- кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билиши;

Кесиптик билимдин денгээли боюнча:

- Муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай орто кесиптик билим;

Иш стажысы жана тажрыйбасы:

- иш стажысы талап кылынбайт;

Кошумча билүүсү:

- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерин билүүсү;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программаларды колдоно билүүсү;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрайымынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды каттоо баракчасы;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);   

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);     

        Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 15 күн ичинде Ак-Кыя айыл өкмөтү С.Данияров атындагы көчөсүнүн №27-а дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турган күн талапкерлерге кошумча билдирилет. 

        Жогорудагы муниципалдык кызмат орундарынын функционалдык милдеттери боюнча маалымат  алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар:

(0-701) 46-64-64, (0-772) 16-13-88.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2015-09-21 00:00:00
Дата аягы: 2015-10-05 00:00:00