Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Социалдык сектор
Кызмат орду: Адис
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим.

 

2) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө», «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдары.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Функционалдык милдеттер:

       Социалдык фонддун, социалдык коргоо башкармалыгынын, райондук почтанын ишмердүүлүгүнө куратордук жүргүзөт; райондо гендердик саясаттын ишке ашырылуусун камсыздайт;- республикалык жана областтык газета-журналдарга жазылууну уюштурат; бекитилген ишкана мекемелерге карата иш чараларды иштеп чыгып, аткарылуусун  көзөмөлдөйт, алардын туруктуу отчетуулугун кабыл алат; элдик кол өнөрчүлүктү уюштуруу, улуттук каада салттарды жандандыруу боюнча программаларды, иш чараларды иштеп чыгып, ишке ашырат; социалдык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча маалыматтарды жалпылайт;

Талап кылуунучу документтер:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- мүнөздөмө.

 Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу    күн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Сузак району, Сузак айылы, Сатвалды-Палван к., №108, тел(03748) 5-00-75

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00