Вакансиялар Талас облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгы
Бөлүм: Кадрлар бөлүмү
Кызмат орду: Кадрлар бөлүмүнүн башкы адиси (У-Б)-1 орун
Талаптар:

Квалификациялык талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;
  • 21 жаштан жаш болбоого;
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Кесиптик билимдин дэңгээли – кайсы болбосун тармактагы жогорку кесиптик билим;
  • Стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Функционалдык милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жана аткаруу;
  • Кызматтык этика ченемдерин сактоо;
  • Жогору турган адамдардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык, административдик мамлекеттик ваканттык бош орунга, конкурстук сынак өткөрүү боюнча тиешелүү тартипте иш жүргүзүү;
  • мамлекеттик жарандык кызматкерлерди жана кызматкерлерди, жумушчуларды кызматка же жумушка кабыл алууда өздүк көктөмөсүн тиешелүү тартипте толтуруп иш алып баруу;
  • мамлекеттик жарандык кызматкерлердин, кызматкерлердин жана жумушчулардын өздүк курамдын эмгек китепчелерин өз убагында толтуруп тиешелүү тартипте иш алып барат;
  • кызматкерлерге жана жумушчуларга эмгек келишимин даярдайт жана мыйзамга ылайык иш алып барат;
  • мамлекеттик жарандык кызматкерлерди кызматтык иш-сапарга                       жана  билим  деңгээлин жогорулатуу үчүн окууга жөнөтүүгө                        талапкерлерди тандоону жүргүзөт жана сунуштайт;
  • мамлекеттик жарандык кызматкерлерди жана кызматкерлерди, жумушчуларды ар жылдык өргүүсүнө чыгуу графигин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөйт;
  • өзүнө тиешелүү жашыруун иш кагаздарынын сырдуулугун жана сакталышын камсыздайт.
  • өз ыйгарым укуктарынын чегинде кызматкерлерге жана кызматкерлердин кайрылууларын кароо жана кеңеш берүү;
  • кадрдык отчетторду түзүү;

 

Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты дана муниципалдык уюштуруу маселелери жөнүндө”, 2017-жылдын 6-январындагы № 8 “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жбону бекитүү тууралуу”, 2017-жылдын  1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”, 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө” токтомдорду.

 

Билгичтиги:

  • мамлекеттик башкаруу, адамдык ресурстарды башкаруу тармагындагы   тажрыйбасы болушуна артыкчылык берилет;
  • кадр менеджментин билүү;
  • компьютерди колдонуу билүү (Microsoft Word, Microsoft Excel, Power point, Internet);
  • иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү.

           

Сынакка  катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек;

  • Бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;
  • Кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 - 2 даана);
  • Өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү

            менен);

  • Резюме;
  • Паспорттун көчүрмөсүн;
  • Керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөнкү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумуш күнүнүн ичинде саат 9.30дан 17.30 чейин тапшыруу керек.

Дареги: Талас шаары Ч.Айтматов көчөсү №370.

Маалымат алуу телефондору: (03422) 5-25-01, 0500 770017

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-10-27 00:00:00
Дата аягы: 2018-11-13 00:00:00