Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: Башкы адис
Талаптар:

Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтү

           Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-февралындагы Муниципалдык административдик кызмат ордун ээлөө боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө  Жобосуна ылайык жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис ваканттык администрациялык муниципалдык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

-          жашы 18 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

-          Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын билиши:

-          компьютер де иштей билиши:

-          кыргыз  жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билиши.

Кесиптик билимдин деңгээли боюнча :

     - муниципалдык кызмат орунарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай профилдеги жогорку кесиптик билим;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес же адистиги боюнча үч жылдан кем эмес иш стажысы;

Негизги функционалдык милдеттери:

- айыл өкмөтүнүн жер, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштерди жүргүзөт жана тийиштүү органдарга отчетторду тапшырат.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат.

- сынактын комиссиянын төрайымынын атына жазылган жеке арыз:

- кадрларды каттоо баракчасы

- 3,4 өлчөмдөгү 4 даана сүрөт.

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналдык сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- жогорку билимин тастыктаган  дипломун көчүрмөсү ( көчүрмөсү нотариустук же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүш керек):

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүш керек):

- соттолбогондугу тууралуу ИИМден маалым кат;

Документтер Массалы Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 14 күн ичинде Сары-Булак айыл өкмөтү Ак-Кыя айылы К.Супабаев көчөсү №20 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс  өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет.

      Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар (0-777)71-22-03, (0-700) 71-22-03.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-02-25 00:00:00
Дата аягы: 2016-03-09 00:00:00