Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы
Кызмат орду: Башкы адис
Талаптар:

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы

            Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат» жөнүндөгү мыйзамына ылайык администрациянын билим берүү, маданият, спорт жана саламаттыкты сактоо тармагы боюнча башкы адистик бош ваканттык администативдик мамлекеттик кызмат ордуна сынак жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

- жогорку билимдүү;

- жашы 21 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;

- компьютерде иштей билиши;

- кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билиши;

- мамлекеттик кызматтын кенже кызматы ордунда бир жылдан кем эмес же адистиги боюнча үя жылдан кем эмес иш стажысы;

Кесиптик компетенциялары:

- жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

“Маданият жөнүндө”, “Китепкана иштери жөнүндө”, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө”, “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”.

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

Ыктуулугу:

- жогору жактагы жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткарууга тийиш;

- документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоого тийиш;

- тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзөт жана аны практикалык иште колдонот;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоого тийиш;

- жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду карайт жана жоопторду даярдайт;

- мамлекеттик жана/же расмий тилде ишкердик кат алышуулар;

- командада иштөөсү.

Көндүмдөр:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүүсү зарыл.

Негизги функционалдык милдети:

-      Район аймагында билим берүү, маданият, спорт жана саламаттыкты сактоо тармагы боюнча иштерди алып барат.

-      Жарандардын арыз датануулары менен иш алып барат.

-      Өзүнө тиешелүү мекемелердин ишмердигине толук жооп берүү менен коллегияга, кещешмеге жыйынга катышуусун уюштурат жана көзөмөлгө алат.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- аттестациялык-сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды каттоо  баракчасы;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);   

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү  өчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);   

       Документтер жарыя чыккандан баштап 15 күнгө чейин Жумгал району Чаек айылы Э.Матыев көчөсү №127 Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында кабыл алынат.

        Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (03536) 23-5-40, 23-1-83.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-02-25 00:00:00
Дата аягы: 2016-03-10 00:00:00