Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти
Бөлүм: Соода бөлүмү
Кызмат орду: Башчы
Талаптар:

Кесиптик билимдин деңгээли: Финансы-экономика, юридикалык  жогорку билими бар.

  Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетенциялар:

  Билими:

  • Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Эмгек жана Салык кодекси, “Ички соода жөнүндө” мыйзамы ;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилдерди билүү;

 

  Көндүмдөр:

  • түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (департаменттин кызматкерлери арасында тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көрө билүүлөрдүн өзүнүн кызматкерлерине сапаттуу жеткирүү, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
  • башкаруучулук иши (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана көзөмөлдөө)

ИШ МИЛДЕТТЕРИ:

  • департаменттин ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну камсыз кылат;
  • департаменттин кызматкерлерине директордун буйрук, чечимин жеткирип, анын ишке ашуу жагын көзөмөлдөйт;
  • пландык тапшрмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат алат, аткаруунун жыйынтыгын чыгарат, кызматкерлерди сыйлоо жана тартиптик чара көрүү боюнча жетекчиге сунуш берет;
  • жарандардын, мекеме-ишканалардын кайрылууларын өз мөөнөтүндө объективтүү карап, тийиштүү жоопторду берет;
  • күнумдүк керектелүүчү азык-түлүк товарлардын салыштырмалуу орточо бааларын анализдеп, айырмасы боюнча Жалал-Абад өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жана мэрияга маалымат жөнөтүүнү көзөмөлгө алат;

 

 

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
  • билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  • өмүр баяны соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматы көрсөтүү менен;
  • 4х6 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
  • ден соолугу тууралуу тактама (№ 086);
  • квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат), баа пикирлер жана сунуштамалар колдоого алынат.

 

            Документтерди кабыл алуу жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан күндөн баштап 10 жумуш күн ичинде кабыл алынат.

 

 Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 га чейин мэриянын уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмүндө кабыл алынат.

 

 

 Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 38, 1-кабат 5-кабинет. Сурап билүү телефондору: (03722) 2-30-93.

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00